Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин маалымат жыйынында Душанбе бүгүн Маскатта башталган Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрүн колдой турганын билдирди.
Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады.
Бүгүн, 6-февраль Оманда Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрүнүн жаңы этабы өтүп жатат. Ирандын делегациясын тышкы иштер министри Аббас Арагчи, ал эми америкалык делегацияны АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф жетектөөдө.
Ал Тажикстандын позициясы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине, анын ичинде мамлекеттердин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, мамлекеттик көз карандысыздыгын урматтоого жана ички иштерине кийлигишпөөгө негизделерин белгиледи.
ТИМ башчы бул контекстте Тажикстан ар дайым тынчтыкты жана туруктуулукту сактоонун, жарандардын коопсуздугун жана бейпилдигин камсыз кылуунун жактоочусу болуп келгенин жана бардык маселелер жана талаш-тартыштар конструктивдүү диалог аркылуу гана чечилиши керек деп эсептерин, ошондуктан Оманда башталган сүйлөшүүлөрдү кубаттай турганын билдирди.
Меҳриддин сөзүнүн дагы бир бөлүгүндө Тажикстан менен Ирандын ортосундагы мамилелер достукка, өз ара урматтоого жана узак мөөнөттүү жалпы кызыкчылыктарга негизделгенин кошумчалап, эки дос жана бир тууган элдин мамилелери күчтүү тарыхый, маданий жана руханий негизге ээ болуп, экономикалык, саясий, айрыкча соода, энергетика, маданият жана гуманитардык тармактардагы кызматташтык тынымсыз кеңейип жатканын айтты.
Тажикстандын тышкы иштер министри Иран Ислам Республикасында болгон акыркы нааразылык акциялары жана башаламандыктар учурунда, жабыркагандардын арасында Тажикстандын бир да жараны жок экенин билдирип өттү. Ал Тажикстан жаңжалдардын кесепеттерин башынан өткөргөн өлкө катары ар кандай пикир келишпестиктер менен кагылышууларды диалог, сүйлөшүү жана дипломатиялык ыкмалар аркылуу гана чечүүнү дайыма жактай турганын белгиледи.
Ал ошондой эле Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жакында расмий билдирүү таратып, Ирандын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу өз позициясын билдиргенин эске салды.
Меҳриддин 2025-жылдагы Тажикстандын тышкы саясатындагы жетишкендиктерди жыйынтыктап жатып, өткөн жылдын январь айында Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиандын Тажикстанга мамлекеттик сапары жана 23 жаңы кызматташтык документинин кол коюлушу эки тараптуу мамилелердеги маанилүү окуя болгонун белгиледи.
Ал ошондой эле өткөн жыл ичинде Тажикстан менен Ирандын президенттери Азербайжандын Ханкенди шаарында, Кытайдын Тяньцзинь шаарында жана Катардын Доха шаарында да жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгиледи.
















