Өзбекстан Республикасы бразилиялык Embraer компаниясы чыгарган C-390 Millennium аскердик-транспорттук учагына буюртма бергенин Сингапурда өткөн авиасалондо жарыялады.
Учактар Өзбекстандын Аба күчтөрүнүн курал-жарагына өткөрүлүп, негизинен транспорттук жана гуманитардык миссиялар үчүн колдонулат. Ошентип Өзбекстан Борбордук Азияда C-390 Millennium учагын эксплуатациялаган биринчи өлкө болуп калды.
Embraer Defense & Security компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Боско да Кошта Жуниор белгилегендей, компания Өзбекстанды C-390 операторлорунун катарында көргөнүнө кубанычта жана учактардын натыйжалуу, ишенимдүү пайдаланылышын камсыздоого даяр.
C-390 Millennium — заманбап аскердик-транспорттук учак болуп, 26 тоннага чейин жүк ташый алат, 470 түйүнгө чейинки ылдамдыкты өнүктүрөт жана жүктөрдү, жеке курамды ташуу, медициналык эвакуация, издөө-куткаруу жана гуманитардык операциялар, ошондой эле өрт өчүрүү сыяктуу кеңири спектрдеги тапшырмаларды аткара алат. Учак убактылуу жана жабдылбаган учуп-конуу тилкелеринен да пайдаланыла алат.
KC-390 модификациясында учак абада май куюу системасы менен жабдылып, күйүүчү май куюучу да, май кабыл алуучу да борт катары кызмат кыла алат. C-390 НАТО стандарттары менен толук шайкеш келет.
Бүгүнкү күнгө чейин C-390 Millennium Бразилиянын, Португалиянын, Венгриянын, Корея Республикасынын, Нидерланддардын, Австриянын, Чехиянын, Швециянын, Словакиянын, Литванын жана Өзбекстандын аскердик-аба күчтөрү тарабынан тандалган.



















