Иран АКШга жана Израилге эскертүү жөнөтүп, өз аймагына жасалган ар кандай кол салуу кеңири масштабдагы регионалдык согушка алып келерин билдирди. Бул тууралуу The Economist журналы маалымдады.
Маалыматка ылайык, бул сигналдын негизги даректери Пентагондун жана Израилдин чалгын кызматынын «аскердик штабдары» болгон.
Бул билдирүү Ирандын коргонуу доктринасынын стратегиялык логикасындагы өзгөрүүнү чагылдырат: Тегеран мындан ары жөн гана кармап туруу (сдерживание) менен чектелбестен, АКШ же Израиль тарабынан чабуул болсо, түз жооп кайтарууга даяр экенин ачык билдирүүдө.
Так жооптун ордуна регионалдык коргонуу
Макалада айтылгандай, Ислам Республикасынын жаңы стратегиясы регионалдык алдын алуучу коргонуу принцибине негизделет.
Иран Ислам Республикасына кол салуу болгон учурда соккуга түздөн-түз чабуул жасагандар гана эмес, ИИРге каршы аскердик же чалгын операциялары жүргүзүлгөн аймакты же инфраструктураны берген бардык өлкөлөр да кабылат.
Бул аскердик базаларга, энергетикалык объектилерге жана стратегиялык маанидеги критикалык инфраструктурага тиешелүү.
Израилдин Азербайжандан энергетикалык көз карандылыгы

Чыңалуунун күчөшү фонунда Израиль Азербайжандын мунайына болгон көз карандылыгын кескин арттырып, Бакуну энергия ресурстарын камсыздоодогу негизги өнөктөштөрүнүн бирине айлантты.
Маалыматтарга ылайык:
- 2025-жылы Израилдин Азербайжан мунайын импорттоосу 31%га өскөн;
- жеткирүүлөрдүн көлөмү суткасына 94 миң баррелге жеткен;
- Азербайжан Израилдин чийки мунай импортунун 46,4%ын камсыз кылат.
Мунай «Баку–Тбилиси–Жейхан» куур жолу аркылуу Түркиянын аймагы менен ташылып, андан ары деңиз жолу аркылуу Израилдин портторуна жеткирилет.
Айрым учурларда, айтылгандай, кемелер байкоо системаларын өчүрүп коюшат.
Эксперттердин пикиринде, мындай схема Азербайжанды сионисттик бийликтердин жөн гана экономикалык өнөктөшү эмес, Израилдин энергетикалык жана стратегиялык коопсуздугунун маанилүү элементи кылып жатат. Тегерандын көз карашында, бул Бакунун олуттуу стратегиялык жаңылыштыгы болуп саналат.
Израиль — Азербайжандын негизги курал-жарак жеткирүүчүсү

Энергетикалык кызматташуудан тышкары, Израиль Азербайжанга курал-жарак жеткирүү боюнча негизги өнөктөштөрдүн бири бойдон калууда.
Буга чейин ММКларда жана эксперттик чөйрөлөрдө Израилдин авиациясы менен атайын кызматтары Иран чек арасына жакын объектилерге жеткиликтүүлүк алганы, алар чалгындоо жана байкоо иштеринде колдонулушу мүмкүн экени тууралуу маалыматтар чыккан.
Иран тарап бул аракеттерди улуттук коопсуздукка түз коркунуч катары баалап, мындай шартта Азербайжан нейтралдуу коңшу же ортомчу макамынан ажырай турганын баса белгилейт.
Ирандын бул билдирүүсү Бакуга гана эмес, Анкара баш болгон башка регионалдык борборлорго да багытталган.
Тегеранда баса белгилешкендей, мүмкүн болуучу кагылышууда түз аткаруучулар менен регионалдык ортомчулардын ортосунда айырма жасалбайт, ал эми «кызыл сызыктардан» өтүү оор кесепеттерге алып келет.

Иран ошондой эле бул билдирүү жөн гана риторика эмес, ракеталык мүмкүнчүлүктөр жана регионалдык союздаштар тармагы менен бекемделген расмий коргонуу стратегиясы экенин белгилейт.
Тегеран мындай аракеттерди көзөмөлдөөгө жана аларга ыкчам жооп кайтарууга толук жөндөмдүү экенин билдирүүдө.



















