Иран Ислам Республикасы АКШ менен Израилдин бузукулукка багытталган аракеттерин токтотууну талап кылып, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине расмий кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерришке жана Коопсуздук Кеңешинин төрагасы Абукар Дахир Османга жөнөткөн катында билдиргенин ТАСС агенттиги кабарлады.
«Иран Коопсуздук Кеңешин АКШдан жана израилдик режимден туруксуздаштыруучу саясатты жана практиканы дароо токтотууну талап кылууга, ошондой эле эл аралык укук боюнча бардык милдеттенмелерин толук аткарууга чакырат», — деп айтылат документте.
Ошондой эле катта Тегеран БУУнун Коопсуздук Кеңешин АКШ тарабынан зордук-зомбулукка түрткү берүү жана күч колдонуу тууралуу коркутууларын айыптоого чакырып жатканы белгиленет.
«Иран Ислам Республикасы башкы катчыны жана Коопсуздук Кеңешин, айрыкча анын жоопкерчиликтүү мүчөлөрүн, БУУнун Уставында бекитилген милдеттерин аткарууга жана АКШ тарабынан Ирандын ички иштерине кийлигишүү, күч колдонуу тууралуу коркутуулары жана зордук-зомбулукка үндөөнүн бардык түрлөрүн сөзсүз түрдө айыптоого чакырат», — деп жазылган катта.
Мындан тышкары, Тегеран Коопсуздук Кеңешин «АКШны Иран Ислам Республикасына каршы аскердик агрессияга алып келиши мүмкүн болгон ар кандай жаңылыш кадамдардан алдын ала эскертүүгө» чакырат.



















