27-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарынын таштанды полигонундагы катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун расмий ачылыш аземи болду.
Бул заводдун ачылышына андан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Карим Ханджеза, “Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест”жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Дай Дао, Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана башка өкмөт мүчөлөрү катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы сөз сүйлөп жатып, шаардын таштанды полигону 1974-жылы ишке берилгендигин, ошол бойдон тынымсыз иштеп отуруп, азыркыга чейин бул жайга 20 миллион тоннадай таштанды топтолгондугун билдирди.
“Көп жылдар бою өлкөнүн борбору катуу тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча курч көйгөйгө туш болуп келген. Күн сайын 1,5 миң тоннага чейин таштанды чыгарылып Бишкектин экологиясына терс таасирин тийгизген. Бул көйгөй, бир топ жылдан бери көтөрүлүп, бирок системалуу чечилген эмес”,- деди Садыр Жапаров.

Ал белгилегендей, маселени чечүү үчүн алдыңкы эл аралык тажрыйба, анын ичинде Кытай Эл Республикасынын тажрыйбасы изилденген. Бишкек мэриясынын делегациясынын Чанша шаарына болгон иш сапарынын жана таштандыларды комплекстүү кайра иштетүү жана экологиялык долбоорлор боюнча адистешкен “Хунань Цзюнсин” жогорку технологиялык компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышуунун жыйынтыгында кызматташуу боюнча стратегиялык чечим кабыл алынган.
2024-жылы март айында Кыргызстандын Министрлер кабинети “Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест” ЖЧК менен таштандыларды кайра иштетүү жаатында заманбап жана экологиялык жактан коопсуз чечимдерди киргизүүгө багытталган инвестициялык макулдашууга кол койгон.
“Бүгүн биз ачып жаткан эко-технологиялык завод Борбор Азияда аналогу жок, таштандыны утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү биринчи ишкана болмокчу. Мындай заводдун курулушу менен борбор калаабыздын экологиялык абалы олуттуу түрдө жакшырат, жергиликтүү элди электр кубаты менен камсыздоо маселесине дагы салым кошот”, – деди мамлекет башчы.
Долбоорго багытталган инвестициянын жалпы суммасы 95 миллион АКШ долларын түзөт. Заводдун курулушуна 12 гектар жер берилген жана бардык каражаттар инвестор тарабынан каржыланган.
Мамлекет башчысы иш-чаранын жүрүшүндө мурунку бийликтин тушунда коррупциялык жол аркылуу жок болуп кеткен каражат туурасында учкай кеп кылды.
Президенттин айтымында, буга чейин Европа өлкөлөрү заводдун курулушу үчүн жалпысынан 22 миллион евро бөлгөн. Анын ичинен 16 миллион евро максатсыз пайдаланылып, курулуш иштери жүргүзүлгөн эмес. Калган 6 миллион евро банкта сакталган.
“Мурдагы бийлик акча алып, андан кийин бул жерге ушундай завод курабыз деген. Болгону кичинекей нерсе куруп, ошо менен 16 миллионун жеп коюшкан. Кудай жалгап, 6 миллиону банкта сакталып калыптыр. Бул каражат инвесторлорго кайтарылган. Ал эми калган 16 миллион еврону Бишкек мэриясы “жебеген самсасы үчүн пул төлөп жатат”, – деди президент.
Ошентип, Садыр Жапаров бул участок боюнча кыскача токтолуп, финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл катуу жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.
Жаңы курулган азыркы завод долбоордо көрсөтүлгөн 2 жылдык мөөнөттүн ордуна, 1,5 жылда курулуп бүттү. Бул долбоордун концессиялык мөөнөтү 35 жылды түзөт. Бул убакыт бүткөн соң завод толугу менен мамлекеттин карамагына өтөт.
Долбоор алкагында жылына 365 миң тонна таштанды иштетилип, саатына кубаттуулугу 30 МВт болгон таза конденсациялык турбогенератордук электр станциясы курулду. Завод азыркы этапта суткасына 1000 тонналык таштанды иштетсе, кийинки этаптарда анын кубаттуулугу дагы артат. Муну менен катар бир четинен таштандыны иштеткен, экинчиден электр кубатын өндүргөн заводдо жаңы жумуш орундары да түзүлөт.
“Бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу менен дал ушундай таштандыны утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү завод Ош, Балыкчы жана Каракол шаарларында да курулмакчы. Бул багытта аталган компания менен инвенстициялык келишим түзүү боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат”, – деди мамлекет башчы.

Садыр Жапаров иш чаранын жүрүшүндө “Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест”жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Дай Даону Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү экотехнологиялык заводун куруу долбоорун ишке ашырууга кошкон салымы үчүн “Достук” ордени менен сыйлады.
Бишкектин мэринин орун басары Рамиз Алиев таштанды полигонундагы катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү боюнча иштин жүрүшүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө тааныштырып жатып буларга токтолду.

“Бул завод таштандыны кайра иштетүүдөн тышкары, электр энергиясын чыгарат. Азыркы учурда 30 мегаваттын тегерегинде шаарга электр энергиясын берип жатат. Өзүңүздөргө маалым болгондой, бул таштандылар өрттөлөт, бирок калган күлү жөн эле жерге көмүлбөстөн андан кирпич чыгарылат. Кытайлык инвесторлор менен түзүлгөн келишим боюнча, жалпы долбоордун мөөнөтү 35 жыл деп көрсөтүлгөн. Андан кийин бул завод биздин мамлекетке өтөт “, – деди Рамиз Алиев.
Ал кошумчалагандай, 95 миллион долларга турган бул долбоор Кытайда салынган заводдун көчүрмөсү. Буга чейин Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Кытайга барып көрүп келген. Полигондун аймагы 60 гектардан ашык. Анын ичинен 12 гектар кытайлык компанияга берилип, завод курулган.

Котормочу, кытайлык кыргыз Төрөбек Маматжалил түшүндүргөндөй, заводдун тазалоо процесси зыянсыздандырылган. Күйгөн таштандылардан бөлүнүп чыккан түтүн тазаланып, буу түрүндө чыгат.
“Күнүнө 1000 тоннанын тегерегинде таштанды чогултулат. Атайын унаалар келип төгүп кетишет. Келген таштандылар 3 күндөн 5 күнгө чейин калтырылып, ачытуу жолу менен газы көбөйгөндөн кийин суу саркындылары аркылуу сиңдирип салабыз. Андан тышкары ачыган таштандыларды крандар аркылуу от казанга жөнөтөбүз. Таштанды чуңкурунун узундугу 37 метр, туурасы 23 метрди түзөт. Ал эми тереңдиги 33 метр. Бул жерде 7000 тоннадан ашык таштанды сактоого мүмкүнчүлүк бар. Чуңкурда жагымсыз жыт канчалык деңгээлде жогору болгон менен жумушчуларга зыянын тийгизие албайт. Анткени айнек аркылуу тосулуп, жылчыксыз бекитилген. Төгүлүп, иштетилип жаткан таштандыларды көрүп турабыз. Ошол эле маалда бул жердеги иштеген шарттарыбыз таза”,- деди Төрөбек Маматжалил.
Турдайым Кожомбердиева




















