2025-жылдын январынан октябрына чейин Азербайжан Түркмөнстандан 230,9 миллион куб метр жаратылыш газын импорттогон.
Trend агенттигинин Азербайжандын Мамлекеттик статистика комитетине шилтеме жасап билдиргенине караганда, бул көлөмдөгү газды сатып алуунун баасы 35,2 миллион долларды түзгөн.
2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сатып алуу көлөмү 34,8%га төмөндөп, 123,2 миллион куб метрди түзгөн. Кеткен чыгымдар 17,9 миллион долларга азайган.
“2025-жылдын январь айынан октябрга чейин Азербайжан жалпысынан 20,649 миллиард куб метр жаратылыш газын экспорттогон, анын баасы 7,418 миллиард долларды түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул нарктык түрдө 569,3 миллион долларга же 8,3%га өскөн, ал эми физикалык көлөмдө экспорт 690,003 миллион куб метрге же 3,2%га азайган”, – деп айтылат маалыматта.
Алгачкы 10 айда Азербайжан 39,151 миллион долларга бааланган 252,158 миллион куб метр жаратылыш газын импорттогон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40,2 миллион долларга же эки эсеге аз. Көлөм жагынан 243,6 миллион куб метрге же 49,1%га азайган.




















