Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Израилдин обочолонушу Трампты тынчсыздандырууда

  • Америка, Батыш Азия
  • 22.12.2025 16:19

Loading

Израилдик режимдин Газадагы согушу учурундагы аракеттери Израилдин эң жакын досу Дональд Трампты да тынчсыздандыргандай кара так калтырды. Трамп Израилдин дүйнөдө гана эмес, америкалык башкаруу системасында да өз ордун жоготкондугун моюнга алды.

Бул тууралуу Fars News агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, Израилдин мындан ары да обочолонуп кетишинен чочулаган Дональд Трамп 2024-жылдын октябрь айында Газа боюнча ок атышпоо келишимине жетишүү үчүн бардык күчүн жумшаган.

Тема боюнча

Аракчинин АКШнын коргоо министринин дарегине айткан шылдыңы: Тарыхтан сабак алгыла!

Аракчинин АКШнын коргоо министринин дарегине айткан шылдыңы: Тарыхтан сабак алгыла!

17.11.2026

Трамп Газадагы согуш Израилди дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн колдоосунан ажыратканын моюнга алып, израилдик режимдин жетекчилерин ок атышпоого көндүрүү үчүн бул согуш Израилди дүйнөдө изоляцияга салганын баса белгилеген.

Ал согушту токтотуудагы негизги максаттарынын бирин Израилдин мурдагы статусун калыбына келтирүү деп мүнөздөгөн.

Израилдин АКШдагы позициясы да начарлады

Газа тилкесиндеги ок атышпоо режимине бир нече ай өтсө да, Израил жоготкон аброюн кайра кайтара алган жок.

Дүйнөнүн көптөгөн университеттери израилдик билим берүү мекемелерин бойкоттоону улантып жатышат. Ошондой эле эл аралык коомчулук Израилге каршы нааразылык акцияларын өткөрүп, бул режимдин товарларын сатып алуудан баш тартып келет.

Трамптын айтымында, Израил алтургай Кошмо Штаттардын ичинде да мурдагыдай таасирге ээ эмес.

АКШ президенти жакында жөөт коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда жөөт лоббиси Вашингтондо мурдагы таасирин жоготконун, ал эми Конгресс “антисамиттикке” көбүрөөк ооп баратканын айткан. Ал жөөт коомчулугун жана Израилдин өнөктөштөрүн этият болууга чакырып, жөөттөр жана Израилдин дүйнөлүк орду үчүн кооптуу процесстер жүрүп жатат деп эскерткен.

Трамп Израилдин мурунку позициясын азыркысы менен салыштырып, кырдаал азыр Израилге каршы экенин айткан.

“Атам мага мурда бул өлкөдөгү эң күчтүү лобби — жөөт лоббиси, Израил лоббиси деп айтчу. Азыр андай эмес. Сиздерге каршы тургандар көбөйдү. Конгрессте Израилге жардам бергиси келбегендер, Израилди жактырбагандар, ал тургай Израилди жек көргөндөр да бар”, – деди АКШ лидери.

АКШнын президенти Кошмо Штаттарда Израилге болгон ишеним жоголгондугун моюнга алды.

Трамп ошондой эле Австралиядагы окуяларга, анда бир нече жөөттөрдүн каза болгонуна токтолуп, мындай окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Бүгүнкү Израилдин абалы 

Трамптан тышкары, Израилдин өзүндөгү саясатчылар жана маалымат каражаттары да режимдин дүйнөлүк деңгээлде «обочолонуунун цунаминисине» кабылганын моюнга алышууда.

“Бүгүнкү Израил — биз билген Израил эмес. Сионисттик кыял жана эл аралык аброй урап жатат”, — деп билдирген Израилдин мурдагы премьер-министри Эхуд Барак.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяху да сентябрь айында, ок атышпоо келишимине чейин, Израил дүйнөлүк обочолонууга кептелгенин жана мындан ары өзүнө көбүрөөк таянууга аргасыз экенин айткан.

Ал Израил өзгөчө экономикалык жактан күчөгөн кысымга туш болуп жатканын, ошондуктан өзүн-өзү камсыздоону арттырууга тийиш экенин моюнга алган.

Оппозиция лидери Яир Лапид да Израилдин “кыйрашы” жана режимдин “обочолонушу” жөнүндө эскерткен.

Израилдин оппозициялык партиясынын лидери ошондой эле акыркы эки жылда Израилдин кабинетине режимдин дүйнөлүк аренадагы “критикалык” абалы жөнүндө бир нече жолу эскерткен. Ал спорт, маданият, соода жана өзгөчө эл аралык мамилелер тармагында Израил саясий төмөндөөгө жана болуп көрбөгөндөй санкцияларга туш болуп жатканын билдирди.

Ал эми израилдик “Haaretz” гезити Газа согушу так максатсыз жүргүзүлгөнүн белгилеп, эки жылдык жаңжалдан кийин Израил эл аралык обочолонууга түшүп, “саясий жактан акыркы абалда” турганын эскерткен.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШДональд ТрампИзраиль
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

17.11.2026
Аракчинин АКШнын коргоо министринин дарегине айткан шылдыңы: Тарыхтан сабак алгыла!

Аракчинин АКШнын коргоо министринин дарегине айткан шылдыңы: Тарыхтан сабак алгыла!

17.11.2026
Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

16.11.2026
АКШнын авиациялык системасындагы олуттуу мүчүлүштүк: үчүнчү күн катары менен миңдеген каттамдар үзгүлтүккө учурады

АКШнын авиациялык системасындагы олуттуу мүчүлүштүк: үчүнчү күн катары менен миңдеген каттамдар үзгүлтүккө учурады

16.11.2026
ЖМК: Вэнс АКШнын президенттик шайлоого катышуу ниетин 2027-жылы жарыялашы мүмкүн

ЖМК: Вэнс АКШнын президенттик шайлоого катышуу ниетин 2027-жылы жарыялашы мүмкүн

16.11.2026
Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

16.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

16.11.2026
Иран АКШнын жаңы чабуулуна жооп чектелүү же кыска мөөнөттүү болбой турганын эскертти

Иран АКШнын жаңы чабуулуна жооп чектелүү же кыска мөөнөттүү болбой турганын эскертти

16.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
213 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.