Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанды ИДПнын өсүшү боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин арасында чемпион деп атады.
Бул тууралуу Россиянын президенти Санкт-Петербургда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңейтилген саммитинде сүйлөп жатып билдиргенин “Взгляд” басылмасы жазды.
“Кыргызстан ички дүң продукциянын өсүшү боюнча Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүнүн ичинен 10% дан ашып, алдыга чыкты”,- деп белгиледиы Россиянын президенти Владимир Путин.
Мамлекет башчысынын айтымында, Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДПсы өсүүнү улантууда. Кыргызстан биримдиктин мүчөлөрүнүн арасында эң жогорку экономикалык өсүш темпине жетишти.
“ЕАЭБдин ичиндеги өз ара эсептешүүлөрдүн дээрлик бардыгы улуттук валюталарда жүргүзүлөт. Алардын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы коммерциялык бүтүмдөрдөгү үлүшү 93 пайызды түзөт”, – деп кошумчалады ал.

Россиянын лидери ошондой эле Биримдик өлкөлөрүнүн экономикалары 2025-жылы күчтүү оң динамиканы көрсөтө турганын белгиледи. Артыкчылыктуу багыттардын бири – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде туризмди өнүктүрүү.
ЕАЭБдин жана КМШнын эркин соода аймагынын бирдиктүү экономикалык мейкиндиги 730 миллион керектөөчүдөн турган рынокту камтыйт. ЕАЭБдин ичиндеги транспорттук базаны чыңдоо интеграциянын артыкчылыктарынын бири болуп саналат.
Владимир Путин белгилегендей, Россиядан ЕАЭБ өлкөлөрүнө энергетикалык эмес экспорттун үлүшү быйыл дээрлик 20% га өсүп, 32 миллиард долларга жетти. ЕАЭБдин башка өлкөлөр менен түзгөн соода келишимдери биримдикке 730 миллион керектөөчүсү бар рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн берди.
“Биримдик Индия менен артыкчылыктуу келишим түзүү үчүн иштеп жатат”, – деп кошумчалады Россиянын президенти.
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Санкт-Петербургда өтүп жатат. ЕАЭБге Россия, Беларусь, Казакстан, Армения жана Кыргызстан кирет.
Кечээ, 21-декабрда мүчө мамлекеттердин жыйынынан кийин бир катар документтерге кол коюлду.
















