Футбол боюнча Өзбекстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу келерки жылы Түндүк Америкада өтө турган дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө жолдомо алып, кеминде $10,5 млн алат. Анын ичинен $1,5 млн турнирге даярдык көрүүгө берилет, ал эми $9 млн — сыйлык катары каралган. Команда дүйнө чемпионатында тайпалык этаптан өтпөй калса да, бул сумма толугу менен төлөнөт. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайтында айтылат.
Алдыдагы мундиалдын байге фонду Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында өткөн ФИФА Кеңешинин жыйынында бекитилди. Жыйынтыгында турнирдин катышуучуларына $727 млн бөлүнөрү жарыяланды. Бул 2022-жылы Катарда өткөн мурунку дүйнө чемпионатына салыштырмалуу 50%га көп (ал турнирде чемпион Аргентина болгон).
Тактап айтканда, каражаттын негизги бөлүгү — $655 млн — курама командаларга бөлүнөт жана алардын мундиалдагы жыйынтыгына жараша таратылат. Дүйнө чемпионатын бир эле учурда үч өлкө — АКШ, Канада жана Мексика — кабыл алат.
2026-жылкы дүйнө чемпиону $50 млн алат.
Экинчи орун — $33 млн,
үчүнчү орун — $29 млн,
төртүнчү орун — $27 млн.
Мындан тышкары, төмөнкүдөй бөлүштүрүү бекитилген:
✅ 5–8-орундар: ар бир курамага $19 млн;
✅ 9–16-орундар: $15 млн;
✅ 17–32-орундар: $11 млн;
✅ 33–48-орундар: $9 млн.
Ошондой эле финалдык бөлүккө жолдомо алган бардык курама командалар даярдык чыгымдарын жабуу үчүн кошумча $1,5 млн алышат.
Демек, тайпалык этаптан чыга албаган командалар да эң аз дегенде $10,5 млн киреше табышат.
ФИФАнын президенти Джанни Инфантино бул тууралуу комментарий берип жатып, келерки жылкы дүйнө чемпионаты дүйнөлүк футбол коомчулугуна каржылык жактан чоң салым кошкон бурулуш учур болот деп билдирди.
Быйыл июнь айында Өзбекстандын курама командасы БАЭ менен 0:0 эсебинде тең чыгып, Азиядагы тандоо оюндарынын аякташына бир тур калганда эле дүйнө чемпионатына жолдомону камсыздаган.
5-декабрда Вашингтондо 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тайпалык чүчүкулагы өтүп, анын жыйынтыгында Өзбекстан K тайпасына түштү. Бул тайпада алар плей-оффко чыгуу үчүн Португалия жана Колумбия менен таймашат. Тайпанын төртүнчү катышуучусу Конго Демократиялык Республикасы, Ямайка жана Жаңы Каледония катышкан эл аралык кошумча беттештердин жеңүүчүсү болот.
ℹ️ Футбол боюнча дүйнө чемпионаты АКШда, Канадада жана Мексикада 2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин өтөт. Турнирге тарыхта биринчи жолу 48 команда катышат.


















