Жаңы жүргүзүлгөн сурамжылоо басып алынган Палестина аймактарында жашаган калк арасында коопсуздукка болгон ишеним кескин төмөн экенин көрсөттү.
“Fars News” маалымат агенттиги билдиргендей, Израилдин Ички коопсуздук изилдөөлөр борбору жүргүзгөн акыркы сурамжылоонун жыйынтыктары коомдо олуттуу тынчсыздануулар жана коопсуздукка болгон ишеним азайганын көсөттү.
2025-жылдын ноябрь айында өткөрүлүп, жыйынтыктары кечээ жарыяланган бул сурамжылоого ылайык, респонденттердин болгону 29 пайызы учурдагы коопсуздук абалын «жакшы» же «абдан жакшы» деп баалаган. Ошол эле учурда 27 пайызы аны «алсыз» же «өтө алсыз» деп мүнөздөсө, 44 пайызы «орточо» деп баалашкан.
Al-Hodhod веб-сайты жазгандай, тышкы коркунучтардан коркуу деңгээли да өтө жогору бойдон калууда: сурамжылоого катышкандардын 72 пайызы Израилге карата тышкы коопсуздук коркунучтарынан «абдан тынчсызданып жатышканын» же «бир аз тынчсызданганын» билдиришкен. Болгону 27 пайызы бул багытта олуттуу кооптонуу жок экенин айткан.
Ички коомдук чыңалуулар да олуттуу маселе бойдон калууда. Сурамжылоого катышкандардын 83 пайызы ички социалдык чыңалуулардан кооптонушарын билдиришкен, ал эми 15 пайызы мындай коркунучту сезишкен эмес. Бул көрсөткүч жөөт калкынын арасында 86 пайызды, ал эми араб жамаатында 75 пайызды түзгөн.
Жеке коопсуздук боюнча, респонденттердин 47 пайызы өз абалын «орточо» деп мүнөздөшкөн. 28 пайызы өзүн коопсуз сезерин айтса, 24 пайызы коопсуздук сезими «төмөн» же «абдан төмөн» экенин билдирген.


















