Афганистан Ислам Эмиратынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин районунда Кытай Эл Республикасынын үч жараны өлтүрүлгөн окуяны катуу айыптап, бул окуяны “жагымсыз” деп атады.
Министрлик тараткан билдирүүдө Ислам Эмираты Кытайдын өкмөтүнө жана элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, маркумдардын үй-бүлөлөрүнө тилектештик билдирери айтылат.
Афгпнистандын тиешелүү мекемелеринин алдын ала маалыматы боюнча бул чабуул аймактагы өлкөлөрдүн ортосунда башаламандык, туруксуздук жана ишенимсиздик жаратууну көздөгөн айрым топтор тарабынан пландалып, жасалган.
Афганистан өкмөтү Тажикстан тарап менен толук кызматташууга даяр экенин баса белгилеп, маалымат алмашуу, техникалык колдоо жана бул окуянын уюштуруучуларын аныктоо боюнча биргелешкен иликтөөлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.
27-ноябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги “Шохин СМ” тажик-кытай компаниясынын кызматкерлерине куралдуу кол салуу болуп, анын кесепетинен үч кытай жараны набыт болгондугун билдирген.
Маалыматка караганда, кол салуу 26-ноябрга караган түнү Афганистан тараптан Шамсиддин Шохин районундагы алтын өндүрүүчү “Шохин СМ” компаниясынын кызматкерлеринин базасына жасалган.
Министрликтин маалыматы боюнча, чабуул афган аймагынан ок атуучу куралдар жана гранаталар жүктөлгөн учкучсуз учуучу аппараттын жардамы менен жасалган. Каза болгондордун баары алтын өндүрүүчү компанияда иштеген кытай жарандары.
Тажик тарап окуяга терең тынчсыздануусун билдирип, кол салгандардын аракеттерин кескин айыптап, афган бийлигин мамлекеттик чек аранын жалпы тилкесинде туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырган.


















