Ош шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эки көчө бириктирилип, ага казак эл акыны Абай Кунанбаевдин ысымы ыйгарылды. Көчөнүн башына Абай Кунанбевдин эстелиги тургузулуп, музейи ачылды.
2858 м2 аянтты ээлеген скверде музей, эстелик орнотулган. Аны менен катар отургучтар коюлуп, брусчатка басылып, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
Бул иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Казакстандын Оштогу башкы консулу Мухтар Карибай катышты.
Көчөнүн башталышына орнотулган Абайдын бюсту жана жаңыдан курулган сейил бак – бул жөн гана архитектуралык объект эмес. Бул – боордоштуктун эстелиги, көркөм баалуулуктун символу, жаш муун үчүн тарбия аянты.
Ошондой эле Ош шаарында Казакстан президенти К.К. Токаевдин “Атам жөнүндө баян” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Анын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Казакстан Республикасынын президенти тарабынан 2-даражадагы “Достук” ордени менен сыйланды.



















