Акыркы төрт жыл ичинде Кабул муниципалитети шаарды өнүктүрүү жана элдин жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн шаардык багыттагы бир катар долбоорлорду өз ишинин артыкчылыгы катары аныктаган.
Бул мекеме шаарды кооздоо жана иретке келтирүү, кыймылдын жеңил жана тез болушу, Кабул шаарындагы жол кыймылынын жүгүн азайтуу багытында көптөгөн иштерди аткарды.
Кабул көчөлөрүнүн оңдолушу, жаңы жолдордун курулушу, шаар ичиндеги бетон тосмолорду алып салуу, аянттарды кайрадан жабдуу сыяктуу иштер акыркы төрт жыл ичинде жүргүзүлүп, алардын улантылышы менен Кабул шаарынын көрүнүшү дагы кооздолуп, тартиптке келтирилип, жол кыймылынын жүгү да азая түшкөн.
Мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, быйыл Кабул шаары үчүн жалпы наркы 8,12 миллиард афгани (120 млн 500 миң доллар) болгон 258 долбоор пландалган. Алардын ичинен 170 долбоор бүткөрүлүп, калгандары ишке ашуу стадиясында турат.
Ошондой эле кайрымдуулук уюмдары тарабынан каржыланган дагы 142 долбоор бар, алардын башкаруусу жана көзөмөлү Кабул муниципалитетинин мойнунда.
Кабул – Ооганстандын борбору жана өлкөнүн эң ири шаары. Шаардын калкынын саны 2023-жылга карата болжол менен 4,95 миллион адамды түзөт.



















