Ирандын Кашан шаары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк чыгармачыл шаарлар тармагына «архитектура жаатындагы креативдүү шаар» катары кошулду. Мындай чечим Самаркандда өткөн ЮНЕСКОнун 43-башкы конференциясында Бүткүл дүйнөлүк шаарлар күнүнө карата жарыяланды, деп билдирет IRNA агенттиги.
ЮНЕСКО Кашанды туруктуу архитектура жана маданий мурастарды сактоонун үлгүсү катары тааныган. Шаар илимди, искусствону жана чөл экологиясын айкалыштырган өзгөчө салттуу архитектурасы менен айырмаланат. Дүйнөгө белгилүү Аббаси жана Боруджерди тарыхый үйлөрү, ошондой эле Фин бакчасы Кашандын көркөм мурастарынын символу болуп эсептелет.
Жалпысынан Кашан шаарында улуттук жана дүйнөлүк мааниге ээ 1 700дөн ашуун тарыхый эстеликтер катталган.
Учурда ЮНЕСКОнун чыгармачыл шаарлар тармагы 300дөн ашуун шаарды камтыйт.


















