Өзбекстан Афганистандан жаңы мөмө-жемиштерди экспорттоо үчүн аба коридорун ачты, деп маалымдайт AtlasPress.
Бул чечим Пакистан убактылуу өз чек арасындагы өткөрүү пункттарын афган экспорттук товарлары үчүн жапкандан кийин кабыл алынды. Буга жооп иретинде Ташкент өз аймагын айыл чарба продукциясын аба жолу менен чет элдик базарларга жеткирүү үчүн пайдаланууну сунуштады.
Балх провинциясынын губернаторунун өкүлү Хаджи Зайиддин айтымында, аба каттамын түзүү боюнча макулдашуу Балхтын бийлиги менен Өзбекстандын Сурхандарья облусунун хокимиятынын ортосунда жетишилген.
Макулдашууга ылайык, жаңы аба коридору аркылуу афган экспортерлору өз продукциясын Россияга, Кытайга жана Индияга жөнөтө алышат. Өзбекстандын бийлиги афган ишкерлерине бардык зарыл жардамды көрсөтүп, үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууга убада берди.


















