Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Президент өлкөнүн энергетика тармагындагы маселелер боюнча комментарий берди

  • Интервью
  • 31.10.2025 11:21

Loading

Тема боюнча

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгы боюнча комментарий берип, кырдаал акыркы беш жылда кыйла жакшырганын белгиледи.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич, акыркы убакта электроэнергиянын тартыштыгы маселеси коомчулукту тынчсыздандырган темалардын бири болууда. Жакында эле Кара-Көл ГЭСинин ачылышында Сиз дагы бул көйгөйдүн чынында эле бар экенин айтып, маселе эки жарым жылдан кийин чечилерин билдирдиңиз. Бирок, айрымдар “бир аз чыдай тургула” деп беш жыл мурун эле айткан деп сын тагышууда. Ушул боюнча Сиздин комментарий?

— Саламатчылык. 2020-жылы бир аз чыдай тургула деп айтканым чын. Бирок, бул видеодогу сөздөрдү Нарын эли менен 2020-жылы ноябрда жолукканда айткам. Тактап койчу нерсе, кеп анда биз бийликке келгенге чейин өлкө боюнча, анын ичинде бийик тоолуу, кышы узакка созулган Нарын облусуна дагы 700 кВт деген чектөө кирип калган маселе боюнча болчу.

Элдер “Ушул чектөөнү алып салсаңыздар, 700 кВт бат эле сарпталып, андан ашык жакканы үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөп, бул оорчулук келип жатат” деп кайрылышкан. Мен жооп катары, “Муну алса болот. Азыр эмес, жазга чейин чыдай тургула” деп айткам.

Бул убадабызга турдук. Кийинки 2021-жылы жаздан баштап Нарын эле эмес, жалпы эле өлкө боюнча бийик тоолуу оор шартта жашаган 190 миң абонентке эч кандай чектөөсүз 1 сомдук тариф киргиздик.

Башкача айтканда мурдагыдай 700 кВт сааттан ашса 2 сом 16 тыйын деген норманы алып койдук. Ошондон бери 5-10 тыйындан кошулуп отуруп, азыр 1 сом 37 тыйынды түзөт. Эч кандай чектөө жок.

Мындан сырткары азыр мамлекеттик колдоого муктаж болгондорго, оор шартта жашаган жөлөк пулга муктаж болгон жарандар үчүн “Үй-бүлөгө көмөк” тарифи 1 кВт саат үчүн 50 тыйын, башкача айтканда керектөөсү 700 кВт саатка чейин жеңилдик берилүүдө.

— Сиз бийликке келгенде энергетика тармагындагы кырдаал өтө оор экенин айттыңыз эле. Муну ант берүү аземинде дагы тармактын карызы эле 137 млрд сом экенин айтып, өзүнчө белгилегениңиз эсибизде. Азыркы учурда кырдаал кандай?

— Кырдаал азыр беш жыл мурункуга салыштырсак кыйла жакшы. Туура айтасыз, 2021-жылдын башында энергетика тармагынын карызы 137 млрд сом же 1,5 млрд долларды түзгөн.

Энергетика тармагындагы жасалган реформанын, коррупцияны жана уурулукту жок кылганыбыздын натыйжасында азыр болгону 25 млрд сом карызы калды. Муну дагы кийинки жылдын аягына чейин толук кутулуп, киреше алганга чыгабыз деп турушат. Болгону 5 жылда ушундай жыйынтыкка жетиштик.

Кышкы тартыштык боюнча Кара-Көл ГЭСинин ачылышында айттым. Эки жарым жылдан кийин башка өлкөлөрдөн электроэнергияны импорт кылып албай, өз керектөөлөрүбүздү өз күчүбүз менен жаап баштайбыз, кышкысын өчүрүү болбойт деп турабыз.

Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: “Кара-Көл” ГЭСиС. Жапаровэлектр энергиясы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Еслами: Ирандын өзүнүн технологиялары менен толук иштелип чыккан алгачкы ядролук синтез системасы ишке киргизилет

Еслами: Ирандын өзүнүн технологиялары менен толук иштелип чыккан алгачкы ядролук синтез системасы ишке киргизилет

16.11.2026
Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026
Энергетика министрлиги 14-августта жарыктын жапырт өчүшүнүн себебин түшүндүрдү

Энергетика министрлиги 14-августта жарыктын жапырт өчүшүнүн себебин түшүндүрдү

17.08.2026
С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026
 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

24.07.2026
К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026
С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

12.06.2026
С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

05.06.2026
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

04.06.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.