Өзбекстандык адистер Ооганстандагы бир катар текстиль ишканаларын кайра ишке киргизүү боюнча иштерди башташты.
Бул тууралуу Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.
Бул максатта республиканын Соода-өнөр жай палатасы менен Afghan Textile Corporation мамлекеттик компаниясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке ылайык, мурда Өзбекстанда ишин токтоткон бир катар текстиль ишканаларын Ооганстандын аймагында жайгаштыруу, ошондой эле алдын ала инвентаризация жана долбоорлоо иштерин жүргүзүү каралган.
“Ооганстанда текстиль ишканаларын калыбына келтирүү боюнча практикалык иштер башталды. Бул максатта Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү жана жогорку квалификациялуу тармактык адистер кирген делегациянын Ооганстанга кызматтык иш сапары уюштурулду”, – деп айтылат маалыматта.
Делегация мүчөлөрү алты текстиль ишканасын изилдешти — алардын катарында Парван провинциясындагы, Кабул, Кандагар, Балх провинциясынын Мазари-Шариф шаарында жана Баглан провинциясынын Пули-Хумри шаарындагы ишканалар бар.
Эксперттер имараттардын абалын, технологиялык жабдууларды жана инфраструктура мүмкүнчүлүктөрүн баалап, алдын ала долбоорлоо үчүн зарыл болгон техникалык-экономикалык маалыматтарды чогултушту.
Аталган маалыматтардын негизинде Ооганстандагы текстиль ишканаларын калыбына келтирүү жана кайра ишке киргизүү боюнча так сунуштар даярдалат.



















