Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайыр Орунбеков шайлоочуларга кайрылып, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу айрым талапкерлердин мыйзамсыз аракеттерине көңүл бурду.
Анын айтымында, үгүт иштери расмий баштала элек болсо да, айрым адамдар мамлекет аткарган иштерди өзүнө ыйгарып, элди адаштырып жатышат.
“Кээ бир талапкерлер Өкмөт тарабынан пландуу түрдө курулуп жаткан мектептерди, жолдорду, балдар бакчаларын жана башка социалдык объекттерди “менин демилгем менен ишке ашты” деп көрсөтүп, WhatsApp топтору аркылуу жалган маалымат таратууда”, — деп белгиледи Орунбеков.
Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровдун: “Депутат мектеп курбайт, жол курбайт — анын баарын мамлекет аткарат. Эгер ушундай убадаларды беришсе, ишенбегиле”,-деген буга чейинки сөзүн эске салды.
Орунбеков айрым талапкерлердин “мен жогорку жактын батасын алдым” деген сыяктуу имиштерди да таратып жатканын айтып, мындай көрүнүштөргө карата катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.
“Шайлоочулар ар бир талапкердин убадасын, билимин жана моралдык сапатын жакшылап талдап, чындыкка коошпогон убадаларга ишенбеши керек. Өкмөттүн аткарган жумуштарын өзүнө менчиктеп, “мен бүтүрдүм” деп айткан адам эл ишенимине татыктуу эмес”, — деп билдирди ал.



















