Түркия Түркия Перс булуңундагы өлкөлөр менен биргеликте Газа тилкесин калыбына келтирүүгө киришет.
Бул тууралуу Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди.
“Газаны калыбына келтирүү — оңой иш эмес. Бирок биз Перс булуңундагы өлкөлөр баш болгон башка мамлекеттер менен бирге бул багытта кадам таштайбыз деп ишенем”, — деди ал журналисттерге үч күндүк Перс булуңундагы өлкөлөргө жасаган сапардан кайтып келе жатып.
Түрк лидери 21-23-октябрь күндөрү Кувейт, Катар жана Оманда болду.
Ал белгилегендей, Израилдин кол салууларынан улам Газанын инфраструктурасы кыйрап, эми бул жерде олуттуу иштерди жүргүзүү зарыл.
“Адегенде иштер курулуш техникасынын жардамы менен жүргүзүлөт, андан соң инфраструктураны кайра куруу боюнча чаралар көрүлөт. Газа көп жылдан бери ырайымсыздыкты баштан өткөрдү. Биз Газа элине татыктуу жана тынч жашоо шартын түзүү үчүн биргелешип аракет кылышыбыз керек. Түркия бул максатка жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшайт”, — деген Эрдогандын сөзүн NTV телеканалы келтирет.


















