КМШ өлкөлөрүндөгү эл аралык террористтик уюмдар эң аялуу топ катары биринчи кезекте эмгек мигранттарын тартууда.
Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Саймумин Ятимов Душанбе шаарында өтүп жаткан КМШнын терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча үчүнчү конференциясында билдиргенин Sputnik агенттиги жазды.
Аталган иш чарага КМШ жана ШКУга мүчө 11 мамлекеттен өкүлдөр катышууда.
“Бүгүнкү күндө трансулуттук жана киберкылмыштуулук менен байланышы бар террористтик жана экстремисттик уюмдар регионду туруксуздаштырууда активдешти. Аларга биринчи кезекте эмгек мигранттарынын арасынан калктын эң аялуу катмары, регионалдык радиологияга жана психикалык жактан жабыркоочу катмар тартылууда”,- деди Ятимов.
Душанбе шаарында өтүп жаткан КМШнын терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча үчүнчү конференциясын Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана КМШнын антитеррордук борбору уюштурууда.
Ага КМШ жана ШКУга мүчө 11 мамлекеттин, КМШнын жумушчу топторунун жана беш эл аралык уюмдун, анын ичинде БУУ, ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмү, ЖККУнун катчылыгы жана башкалар катышууда.
Конференциянын катышуучулары эл аралык коопсуздук системасынын трансформациясын, террористтик жана экстремисттик активдүүлүктүн өсүшүнө саясий, экономикалык, диний жана башка факторлордун таасирин эске алуу менен учурдагы кырдаалга баа берип, анын өнүгүүсүн болжолдойт.
Ошондой эле коопсуздук коркунучтарына мониторинг жүргүзүүдө жана талдоодо IT жана жасалма интеллектти колдонууну жана башка темаларды талкуулашат.



















