ХАМАС Израил менен согуштун аякташын ортомчулар аркылуу кепилдик менен тастыктады.
Палестиналык ХАМАС кыймылы АКШ жана башка ортомчу мамлекеттерден Израил менен болгон согуштун толук аякташы боюнча кепилдик алганын билдирди. Бул тууралуу кыймылдын сүйлөшүү тобунун башчысы Халиль аль-Хайя Al Jazeera телеканалына маек берип билдирди.
«Биз бир тууган ортомчулардан жана АКШ администрациясынан согуштун толук токтогону боюнча кепилдик алдык», — деди ал.
Анын айтымында, биринчи этаптагы келишим ок атышууну токтотууну жана туткундарды алмашууну камтыйт.
Атап айтканда, Израил 250 өмүр бою абакка кесилген палестиналыкты жана 2023-жылдын 7-октябрынан бери кармалган 1,7 миң Газанын тургунун бошотот.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен ХАМАСтын ортосунда тынчтык планын ишке ашыруунун биринчи этабы боюнча макулдашуу түзүлгөнүн билдирген.
«Газа бара-бара калыбына келтирилет», — деген Трамп бейшемби күнү Ак Үйдөгү жыйында.
Ал мындан тышкары, көптөгөн мусулман өлкөлөр Газанын кайра курулушуна жардам берүүгө милдеттенгенин баса белгиледи.
АКШ Израил тарапта калат: Трамп Газаны калыбына келтирүү боюнча чечим сунуштады
Израил өкмөтү Газа секторунда ок атышууну токтотуу боюнча келишимди жактырды. Документ барымтадагыларды бошотууну жана израилдик аскерлерди анклавдан чыгарууну камтыйт.
Премьер-министр Биньямин Нетаньяху бул чечимди “маанилүү тарыхый учур” деп атап, АКШ президенти Дональд Трампка, анын атайын өкүлү Стив Уиткоффко жана кеңешчиси Жаред Кушнерге ыраазычылык билдирди (Би-Би-Синин маалыматы боюнча).
Трамп билдиргендей, израилдик барымтадагыларды бошотуу “дүйшөмбү же шейшемби күнү” болушу мүмкүн.
ХАМАС өз кезегинде бардык тирүү барымтадагыларды жана каза болгондордун денелерин өткөрүүгө, ошондой эле Газанын башкаруусун палестиналык улуттук комитетке өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.
АКШ администрациясы ХАМАС келишимден баш тарткан учурда Израилге толук колдоо көрсөтөрүн ырастады.

Келишим качан күчүнө кирет?
Израил менен ХАМАСтын ортосундагы тынчтык планын ишке ашыруунун биринчи этабына макулдук берилгени бейшембиге караган түнү белгилүү болду.
Башында ок атышууну токтотуу режими өкмөт тарабынан расмий түрдө жактырылгандан кийин дароо күчүнө кирери айтылган (Би-Би-Си маалыматы боюнча).
Бирок Израилдин премьер-министринин кеңсесинин басма сөз катчысы Шош Бедросян билдиргендей, келишим өкмөттүн добуш берүүсүнөн 24 саат өткөндөн кийин иштей баштайт.
Бул кечигүү, айрым маалыматтарга караганда, израилдик аскерлерди коопсуз кайра жайгаштырууга байланыштуу.
Израилдин маалымат каражаттары кабарлагандай, коргоо министри Исраэль Кац армияга ХАМАСтын кандай гана чабуул аракетине болбосун катуу жооп кайтаруу боюнча көрсөтмө берди.
Бейшемби күнү Кац Израил армиясынын башкы штабынын башчысы генерал-лейтенант Эяль Замир жана башка жогорку аскерий жетекчилер менен жолугушуу өткөргөн.
Жолугушууда Газадагы учурдагы абал талкууланып, мүмкүн болгон сценарийлер каралган.
«Министр ЦАХАЛга (Израиль коргонуу армиясына) ХАМАСтын ар кандай чабуулуна чечкиндүү жооп кайтарууну тапшырды», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Анын айтымында, негизги милдет — израилдик аскерлердин коопсуздугун камсыз кылуу.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, жума күнү Израил өкмөтү ХАМАС менен ок атышууну токтотуу боюнча келишимди расмий түрдө бекитти. Ага ылайык, согуштук аракеттер 24 сааттан кийин токтотулат, ал эми барымтадагыларды бошотуу 72 сааттын ичинде ишке ашат.
Согуштун башталышы
Газа секторундагы куралдуу жаңжал эки жылга созулду. Ал 2023-жылдын 7-октябрында, ХАМАС Израилдин аймагына чабуул койгондон кийин башталган.
Жоочулар ракеталарды аткылап, чек араны бузуп өтүшкөн, автомобилдерди, мотоциклдерди жана парапландарды колдонуп, Израилдин калктуу конуштарына киришкен.
Чабуул маалында жүздөгөн израилдик жарандар жана аскерлер курман болуп, ондон ашуун адам барымтага алынган.
Мунун артынан Израил Газага массалык аба соккуларды жасаган, андан соң секторду толук блокадага алып, кийин кургактагы операцияны баштаган — максат ХАМАСтын командалык борборлорун жок кылуу жана барымтадагыларды бошотуу болгон.

















