Кыргызстанда 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт. Ага байланыштуу президент Садыр Жапаров өз кайрылуусунда санариптештирүү, ачык-айкындык жана шайлоочулардын саясий маданиятын өзгөртүү маселелерин өзгөчө белгиледи. Ал бул шайлоо «өлкө тарыхындагы эң таза шайлоо болушу керек» деп билдирди.
Бирок мындай билдирүүлөр канчалык реалдуу? Жаңы система кандай коркунучтар менен мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт? Мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан шайлоо Кыргызстандын саясий моделин өзгөртө алабы?
Дал ушул суроолор боюнча биз тарых илимдеринин кандидаты, “Гуров жана Өнөктөштөр — Борбордук Азия” коммуникациялык тобунун башкаруучу өнөктөшү Канатбек Мурзахалилов менен маектештик.
— Президент Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы кайрылуусуна кандай баа бересиз?
— Мамлекет башчысынын кайрылуусун жана учурдагы контекстти талдоонун негизинде бир катар маанилүү жыйынтыктарды чыгарууга жана болжолдорду айтууга болот. Президент Жогорку Кеңештин VIII чакырылышын мөөнөтүнөн мурда таратып, шайлоону 2025-жылдын 30-ноябрына дайындады. Бул чечим узак мөөнөттүү саясий туруктуулукту камсыз кылуу жана шайлоо процесси ири эл аралык иш-чаралар менен (ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары) дал келбеши үчүн кабыл алынган.
— Президент «эң ачык шайлоо болот» деп убада кылды. Бул канчалык негиздүү?
— Кайрылууда шайлоо процесси толугу менен санариптештирилип, автоматташтырылганы өзгөчө белгиленди. Добуштарды адамдын катышуусуз эсептөө жана натыйжаларды дароо жарыялоо фальсификация коркунучун кыйла азайтышы керек. Мурда дал ушундай бурмалоолор саясий кризистерге жана бийлик алмашууларга алып келген. Эми колдонулган санариптик технология көзкарандысыз мониторинг менен коштолобу же жокпу? Ушул эң маанилүү суроо.
— Кайрылууда аймактык добуш берүү моделинен баш тартуу чакырыгы да айтылды. Сиз бул тууралуу эмне дейсиз?
— Бул аракетти электоралдык маданиятты өзгөртүү аракети катары бааласа болот. Президент шайлоочуларга «жердешиме добуш берем» деген түшүнүктөн баш тартып, «талапкердин жеке сапатына жараша добуш бергиле» деп түз кайрылды. Ошондой эле добуш сатууга каршы күрөшкө өзгөчө көңүл бурду. Жарандарды мыйзам бузууларды ачык айтууга чакырды. Демек, адилет шайлоо үчүн жоопкерчилик эми шайлоочулардын өздөрүнө да жүктөлдү. Бул туура кадам.
— Шайлоо системасындагы реформа бул кампаниянын эң негизги жаңылыгы десек болобу?
— Ооба. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, ар бир округдан үч депутат шайланат. Алардын ичинен бир орун сөзсүз айымдарга берилет. Бул жаңылык Кыргызстан үчүн гана эмес, постсоветтик өлкөлөр, башка ири державалар үчүн да сейрек кездешүүчү практика. Максат гендердик тең салмактуулукту шайлоо системасына расмий түрдө киргизүү.
— Президент мамлекеттик жана бюджеттик кызматкерлерге катаал эскертүү берди. Бул эмнени түшүндүрөт?
— Бул так саясий сигнал. Президент «мамлекеттик кызматкер, мугалим же дарыгер шайлоочуларга басым кылса, кызматтан алынат, керек болсо кылмыш иши козголот» деп ачык айтты. Ошол эле учурда «шайлоо процессин жеке көзөмөлүмө алам» деп билдирди. Бул бир жагынан шайлоонун адилет өтөрүнө ишеним жаратса, экинчи жагынан бийликтин жеке көзөмөлү тууралуу суроолорду жаратат.
— Алдыдагы саясий динамика кандай болот деп ойлойсуз?
— Саясий талаада олуттуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Жаңы күчтөр пайда болот, ошол эле учурда атаандаштык да күчөйт. Эгер ачык-айкындык камсыздалса, нааразылык сценарийлери болбойт. Бирок кыргыз коомунда саясатчыларга болгон ишеним төмөн бойдон калууда. Негизги коркунуч ушул фактор.
— Шайлоонун ийгилиги эмнеге көз каранды болот?
— Баары шайлоонун таза өтүшүнө байланыштуу. Келе жаткан өнөктүк Кыргызстандын саясий системасы үчүн чыныгы бурулуш болушу зарыл. Өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түштү, эми парламентаризм институтун чыңдоо мезгил талабы. Ал эми шайлоо өнөктүгү аяктаганга чейин көзкарандысыз байкоо, эл аралык катышуу, саясий сабаттуулукту жогорулатуу, добуш сатып алууга каршы системалуу күрөш жана санариптик коопсуздук камсыздалышы керек.
— Жыйынтыктап айтканда, президенттин кайрылуусуна сиздин жеке пикириңиз кандай?
— Мамлекет башчыбыз бул кайрылуу аркылуу шайлоо стандартын өзгөртүүгө аракет кылууда. Анын негизинде санариптик ачыктык, шайлоочунун жеке жоопкерчилиги жана гендердик теңчилик жатат. Эгер бул убада иш жүзүнө ашса, Кыргызстандын саясий системасы чындап жаңыланат. Бирок мындай өзгөрүү жарандардын шайлоого болгон ишенимине түздөн-түз байланыштуу болот. Башкача айтканда, саясий системаны өзгөртүүнүн башаты сиз менен бизден, жалпы кыргызстандыктардан көз каранды.
Маектешкен Эмилбек Момунов



















