Украинадагы согуштук аракеттердин төртүнчү жылы уланууда, ушундай шартта коргонуу чыгымдары Россия бийлигинин абсолюттук артыкчылыгы болуп калат, бирок бир аз кыскарган түрдө. Армиянын муктаждыктарын жана бюджеттеги тартышты азайтууну бизнес менен калк төлөп берет.
Өкмөт шаршемби күнү 2026–2028-жылдарга арналган бюджет долбоорун жактырды. Анын негизги жаңылыгы — бийлик келерки жылдан тартып кошумча нарк салыгын (КНС/НДС) 22% га көтөрүү жана башка фискалдык демилгелерди киргизүү болду. Бул өлкө жетекчилигинин салык жүгүн көбөйтпөйбүз деген көп жолку убадаларына каршы келет.
КНСтин өсүшү үч жылда казынага 4,4 трлн рубль алып келиши керек, ал эми жалпы киреше мобилизациясынын натыйжасы 7,5 трлн рубль болот деп документтерде көрсөтүлгөн.
Каржы министрлиги салык өзгөрүүлөрү биринчи кезекте коргонуу жана коопсуздукту каржылоого багытталганын билдирди.
«Бюджетке киргизилген ресурстар куралдуу күчтөрдү керектүү курал-жарак, аскердик техника менен камсыз кылууга, аскерлерге маяна төлөөгө, алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле коргонуу-өнөр жай комплекси ишканаларын модернизациялоого мүмкүндүк берет. Чек ара жана жаңы аймактардагы транспорттук инфраструктураны коргоону күчөтүүгө, учкучсуз аппараттарга каршы күрөшкө да каражат бөлөбүз», — деди каржы министри Антон Силуанов өкмөт жыйынында.
Бюджет долбооруна ылайык, кийинки жылы армияга, полицияга жана атайын кызматтарга бардык чыгымдардын 38%ы жумшалат, быйыл бул көрсөткүч 41% болчу.
2026-жылы бийлик коргонууга 12,6 трлн рубль, ал эми улуттук коопсуздукка 4,1 трлн рубль сарптамакчы. Бул чогуу алганда ИДПнын 7,1%ына туура келет.
2025-жылы коргонууга 13,5 трлн рубль, коопсуздук менен кошо 17 трлн рубль (ИДПнын 8%) сарпталат деп пландалган, бирок Reuters булагынын маалыматы боюнча, бул чыгымдар иш жүзүндө андан да жогору.
Россиянын бюджети Украинадагы согуштун, санкциялардын, Путиндин шайлоо алдындагы триллиондогон убадасын аткаруу зарылдыгынын жана кирешелердин түшүп кетишинин айынан катуу кысым алдында турат. Нефть баасынын төмөндөшү, рублдин күчөшү жана экономиканын жайлоосу кирешелерди азайтууда.
Ошол эле учурда Каржы министрлиги бюджет тартыштыгын кыскартууну жана акыркы жылдары бир нече жолу бузулган бюджеттик эрежени сактоону каалайт. Бул бийликти популярдуулугу төмөн, оор чечимдерди кабыл алууга мажбур кылууда.
2025-жылдагы чоң салык реформасынан кийин Путин негизги салык параметрлерин 2030-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп убада берген. Жай башында эле Силуанов өкмөт жаңы салык өзгөрүүлөрүн ойлобой турганын айткан болчу.
Бирок августтун аягында Reuters булагы жаңы салык жогорулатууну «сөзсүз» деп атады: «Болбосо бизде чыгымдар менен кирешелер такыр тең келбейт, ал тургай коргонуу чыгымдарын азайтканда да. Нефть-газ кирешелери түшүп жатат, экономика баарын жаап бере албайт».
Экономика министрлиги 2025–2026-жылдар үчүн ИДП өсүшүнүн жана бюджет кирешелеринин божомолдорун кескин төмөндөттү. Жаңы эсеп боюнча, быйыл экономиканын өсүшү 2024-жылдагы 4,3%дан 1,0%га чейин жайлайт, ал эми кийинки жылы болгону 1,3% болот.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков РБК радиосуна берген маегинде КНСтин көтөрүлүшү орус экономикасы «СВОдон чарчаганынын белгисиби?» деген суроого: экономика «атайын аскердик операциянын муктаждыктарына ылайыкташып, фронттун бардык керектөөлөрү ашыгы менен жабылып жатат» деп жооп берди.


















