16-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан 2025-жылкы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Он салмактык категорияда медалдар топтому ойнотулду.
Турнирдин акыркы күнүндө 65 жана 97 килограмм салмак категорияларындагы чемпиондор аныкталды.
65 килограммга чейинки салмак ченинде 23 жаштагы ирандык Рахман Амузадхалили дүйнө чемпиону болду, ал дүйнөлүк чемпионатта экинчи алтынын утуп алды. Ал финалда япониялык Котаро Киёкуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, 2024-жылкы Олимпиададагы чечүүчү беттештеги жеңилүүсү үчүн реванш алды.
Ошентип Ирандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль менен дүйнө чемпиону болду.
Байге ээлери:
-
2 алтын медал — Рахман Амузадхалили (65 кг) жана Амирхусейн Зара (125 кг);
-
2 күмүш — Ахмад Мухаммаднежад Жаван (61 кг) жана Амирали Азарпира (97 кг);
-
3 коло — Мухаммад Нухуди (79 кг), Камран Гасемпур (86 кг) жана Амирхусейн Фирузпур (92 кг).
Ирандын эркин күрөш боюнча курамасы буга чейин 5 жолу (1961, 1965, 1998, 2002 жана 2013-жылдары) дүйнөлүк чемпиондук наамына ээ болгон, акыркы жолу 12 жыл мурун 2013-жылы Венгрияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта болгон.
Жалпы командалык эсеп боюнча Иран алдыга чыкты. Ислам республикасы 145 упай менен биринчи орунда, андан кийин 134 упай менен АКШ экинчи орунда жана 111 упай менен Япония үчүнчү орунга жайгашты.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын дүйнө чемпиондугундагы жеңиши менен куттуктады. Ал эми өлкөнүн Жогорку лидери Али Хаменеи балбандардын жеңишин жогору баалады.


















