Палестиналык кыймыл ХАМАС “Араб өлкөлөрүнүн лигасы” жана “Ислам кызматташтык уюмунун” (ИКУ) Катардын баш калаасы Дохадагы саммитинде Израилга басым жасоо үчүн эл аралык коалиция түзүлөт деп үмүттөнөрүн билдирди. Бул мазмундагы ачык кат кыймылдын Телеграм каналында жарыяланды.
“Газадагы ок атышууну токтотуу үчүн шашылыш чаралар, анын ичинде Израилге жана анын өнөктөштөрүнө басым көрсөтө турган эл аралык альянс түзүлөт деп күтөбүз”, — деп айтылат документте.
ХАМАСтын жетекчилиги ошондой эле араб өлкөлөрүнүн лидерлерин Араб өлкөлөрүнүн лигасынын “биргелешкен коргонуу келишиминин жоболорун ишке ашырууга” жана Израилге “толук масштабдагы санкцияларды” киргизүүгө чакырды.
Кыймыл Израилдин Дохага жакында жасаган соккусу жөөт мамлекетинин бийлиги “от атууну токтотууга жана туткундарды өз ара бошотууга кызыкдар эместигин”, тескерисинче, “Катардын ортомчулук миссиясына тоскоол болууну каалаарын” көрсөткөнүн белгиледи.
Араб өлкөлөрүнүн лигасы жана Ислам кызматташтык уюмунун атайын саммити бүгүн, 15-сентябрда Дохада өтүп жатат. Анын чакырылышына Израилдин 9-сентябрда Дохадагы ХАМАС кыймылынын лидерлери чогулган резиденциялардын бирине кол салышы себеп болгон. Катар тараптын маалыматына караганда, соккудан Катардын коопсуздук күчтөрүнүн кызматкери каза болуп, дагы бир нече адам жаракат алган. ХАМАС медиага берилген маалыматтарды четке кагып, сүйлөшүү делегациясынын мүчөлөрү каза болгон деген маалыматтарды жокко чыгарды, бирок соккудан кыймылдын беш мүчөсү, анын ичинде Газадагы ХАМАСтын лидери Халиль аль-Хейинин уулу каза болгонун белгиледи.
Катар өкмөтүнүн башчысы жана тышкы иштер министри Мухаммед бен Абдель Рахман Аль Тани израилдин бул соккусун мамлекеттик терроризм деп баалаганын айтты. Анын айтымында, сокку ХАМАСтын лидерлери Газадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча АКШнын акыркы сунушун талкуулаган маалда жасалган.
Расмий Доха Израилди түз жооптуу деп жарыялап, аймактык коопсуздукка жана жарандардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч жаралганын баса белгиледи. Доха соккуга жооп кайтаруу укугун өзүндө калтырарын билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп соккудан кийин Нетаньяху менен сүйлөшкөнүн айтып, бул окуяны “кайгылуу кокустук” деп атаган.

















