Кечээ күндүз Израиль Катардын борбору Дохада ири масштабдагы аба операциясын жүргүздү. Чабуул ХАМАС жетекчилигин жок кылууга багытталган.
İCE маалыматына караганда, операциянын так майда-чүйдөсү али белгисиз, бирок болжолдуу баасын эсептөөгө болот.
Чабуулга Израилдин Аба күчтөрүнүн болжол менен 10 учагы катышкан. Алар Израилден Катарга чейин 1 800 км аралыкты басып өтүштү. Дохадагы ХАМАС лидерлери жайгашкан виллага ондон ашуун так багытталган бомба ташталган. Бардык бомбалар саналуу секунда ичинде бутага тийди.
Миссия учурунда бир нече жолу асманда күйүүчү май менен толтуруу жүргүзүлдү. Ошондой эле учактарды дрондор коштоп, чалгындоо жана сокку тактыгын көзөмөлдөп турушту.
Операцияда «акылдуу» жогорку тактыктагы ракеталар колдонулганы айтылууда. Бир ракетанын баасы кадимки ракеталарга караганда кыйла кымбат. Он эки ракета колдонулганда, алардын жалпы баасы болжол менен 5–10 миллион долларды түзгөн.
Абага көтөрүлгөн учактар F-15 жана F-35 болушу ыктымал. Алардын учуу убактысы, максат үстүндө болуу жана күйүүчү май толтуруу менен кошо, ар бир учак үчүн 5–6 саат деп бааланууда.
Заманбап истребителдердин иштетүү чыгымдары жогору. F-15 же F-16 учактарынын бир сааттык учуу баасы 30–60 миң доллар. Бардык учактардын учуу жана техникалык тейлөө чыгымдары 1–1,5 миллион доллар деп эсептелген.
Узак аралыкка жетүү үчүн асманда күйүүчү май куюу зарыл болгон. Ар бир учак болжол менен 8–10 тонна авиакүйүүчү май короткон. Бардык операция үчүн күйүүчү майдын баасы 100 миң доллар чамасында.
Бирок жалпы чыгымдар мындан да жогору, анткени май куюучу учактардын иши жана алардын экипаждары да эсепке алынат. 10 учак үчүн 2–3 май куюучу учак колдонулушу мүмкүн. Алардын учуу чыгымдары дагы миңдеген долларды түзөт.
Жыйынтыктап айтканда, бардык чыгымдарды кошкондо, Катардагы бир операциянын баасы болжол менен 30–40 миллион шекелди (9 млн доллар) түздү. Бул болжолдуу, бирок реалдуу баа. Салыштыруу үчүн, Израилдин Иранга каршы түнкү соккулары ондогон учуулары менен 240–250 миллион шекелге (72 млн доллар) бааланган.
Бул чыгымдар мүмкүн болуучу кесепеттерди камтыбайт: хуситтердин, Ирандын же Катар тараптан жооп чаралары, ошондой эле дээрлик бардык Батыш өлкөлөрүнүн айыптоолорунан улам дипломатиялык чыгымдар.
Бул акчалар Израилдин коргонуу бюджетинен төлөнөт. Бир нече ай мурун бюджет 2025-жылы 28 миллиард шекелге (8,4 млрд доллар) көбөйтүлгөн.


















