Израиль армиясы жакын арада палестиналык Газа шаарына масштабдуу чабуулун баштайт. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар шаарды дароо таштап чыгышы керек экенин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху видео кайрылуусунда билдирди.
Анын айтымында, акыркы күндөрү израилдик күчтөр Газада бир нече көп кабаттуу имараттарды талкалады. Израиль тарап бул имараттар ХАМАС тарабынан аскерий максатта пайдаланылып жатканын белгилейт. Премьер-министрдин айтымында, эки күн ичинде Израилдин аба күчтөрү Газада 50 көп кабаттуу имаратты кыйраткан.
“Бул болгону башталышы, негизги аракеттер али алдыда. Жакынкы күндөрү биздин аскерлер Газа шаарына жерден маневр жасап кирет. Ошондуктан мен бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, Газанын тургундарына кайрылам: “Силерди эскертишти, ал жерден чыгып кеткиле!”” — деди Нетаньяху.
Буга чейин Израиль бийлиги палестин анклавында ири чабуул операциясын баштоону жана Газада ХАМАСты толугу менен талкалоону максат кылып жатканын маалымдаган. Бул план август айынын аягында Нетаньяху тарабынан бекитилген.


















