Испаниянын премьер-министри Педро Санчес бүгүн Израилге каршы тогуз санкция киргизилгенин билдирди.
Испания өкмөтү Израилдин айыптоолорун жана ага каршы кабыл алынган чараларын кескин четке кагып, Мадрид Газада Израил жасаган геноцидге жооп катары тогуз санкциялык пунктту жарыялады.
Премьер-министр Педро Санчес бүгүн эртең менен Израилге каршы тогуз санкция киргизилгенин билдирди. Бул билдирүүгө Тель-Авивдин реакциясы эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык кризистин мындан ары күчөшүнө алып келди.
Санчес бүгүнкү билдирүүсүндө «Газа тилкесинде жана Иордан дарыясынын Батыш жээгинде түзүлгөн адам чыдагыс абалды чечүү үчүн кабыл алынган чаралар испан коомунун көпчүлүгүнүн маанайына жооп берет»,- деп белгиледи.
«Испания өкмөтү эки мамлекеттин — Израил менен Палестинанын — коңшулук мамиледе, бири-биринин коопсуздугун камсыз кылган шартта бирге жашоо укугун суверендүү түрдө жактайт. Мындан тышкары, ал Израилди Газа тилкесин жана Батыш жээкти басып алууну токтотууга, палестиналык жарандарга карата зордук-зомбулукту жана Газага жасалган гуманитардык блокаданы токтотууга чакырат. Испания өкмөтү эч кандай шек-күмөнсүз тынчтыкты, эл аралык укукту жана адам укуктарын коргойт», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Испания өкмөтү акыркы жылдары 72 миң сефард жөөттөрү испан жарандыгын алганын эске салды.
«Биздин өкмөт дароо эле ХАМАС уюмунун к чабуулун айыптап, бардык туткундарды бошотууга чакырган. Мындан тышкары, 2023-жылдын январында ал биздин тарыхтагы биринчи Улуттук антисемитизмге каршы планды бекиткен жана антисемитизм түшүнүгүн кабыл алган. Бул өкмөт антисемитизм жана расизмге каршы күрөшүүгө жана дискриминацияга орун жок өлкө түзүүгө берилген», — деп белгиленет билдирүүдө.
Санчес бүгүн эртең менен Израилге каршы тогуз санкцияны жарыялап, анын ичинде Израилге курал-жарак жеткирүүгө эмбарго киргизүүнү мыйзамдуу түрдө бекиткен падышалык жарлыкты жана Газадагы геноцидге, адам укуктарын бузууга жана аскердик кылмыштарга түздөн-түз тиешеси бар бардык адамдарга Испанияга кирүүгө тыюу салууну камтыды.
Буга дароо жооп кылып, Израил өкмөтү Испаниянын аракеттерин «антисемитизм» деп атап, өкмөттү «коррупцияга» айыптады. Ошондой эле вице-премьер, эмгек жана социалдык экономика министри Йоланда Диаска менен жаштар жана балдар иштери боюнча министр, теги палестиналык Сире Регого өлкөгө кирүүгө тыюу салынды.
Санчес жарыялаган Израилге каршы санкциялар 9-сентябрь, шейшемби күнү министрлер кеңеши тарабынан бекитилип, күчүнө кирери күтүлүүдө.


















