АКШ жай айларынан бери согуштан качып келген болжол менен 100 россиялыкты депортациялады.
«Russian America for Democracy in Russia» уюмунун президенти Дмитрий Валуев «Агенттикке» маалымдагандай, биринчи топ (40ка жакын киши) июнь айында өлкөдөн чыгарылган, ал эми экинчи топ — 27-августта. Экинчи топто 60ка чейин россиялык болгон. Алар адегенде учак менен Каирге жеткирилип, андан соң Egypt Air компаниясынын каттамы менен Москвага жөнөтүлгөн.
Валуев тактагандай, депортацияланган россиялыктар иммиграциялык түрмөлөрдө отурган, башпаанек берүүдөн сот аркылуу баш тартылган же өз ыктыяры менен (сотту күтпөстөн) мекенине кайтуу чечимин кабыл алган жарандар болгон. Бирок алардын арасында Москвада саясий куугунтуктан корккондор да бар экени айтылды. Маалымат булагынын билдирүүсүндө, алардын арасында бөлүгүн өз алдынча таштап кеткен деген айып менен иши козголгон мурдагы аскер кызматкери да болгон. Ал АКШдан башпаанек алууга аракет кылган, бирок соттон утулуп калган.
Валуевдин айтымында, чек арачылар Каирден учкан каттамда АКШдан депортацияланган россиялыктар бар экенин билишкен окшойт. Чек арадан өткөндө алар менен узак маектешкенден кийин бир адам кармалган, дагы он чактысы кол коюу шарты менен бошотулган. Каирде россиялыктар Москвага учпоо үчүн маршрутун өзгөртүүгө аракет кылышкан, бирок аларды египеттик атайын кызматтын өкүлдөрү ур-токмокко алган. Акырында баарын Москвага учакка отургузушкан.
Активист эскерткендей, АКШ мурда да россиялыктарды депортациялап келген, бирок мындай чоң топтор менен эмес. Ошондой эле мурда депортацияланып жаткандарга жолдо башка өлкөгө багыт өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Валуевдин пикиринде, жакын арада АКШдан дагы бир массалык депортация болушу мүмкүн.
Россия армиясынын Украинага кеңири масштабдуу басып киришинен кийин он миңдеген россиялыктар согуштан качып АКШга барышкан. Алардын көбү өлкөгө Мексика чек арасы аркылуу кирип, башпаанек сурашкан. Аларга сотко чакыруу кагазы берилип, эркиндикте жүрүүгө уруксат кылынган. Бирок 2024-жылдын май айынан тартып башпаанек сураган россиялыктарды иммиграциялык түрмөлөргө камай башташкан. Ал жерде алар сотту айлап, кээде бир жылга чейин күтүп турушат.


















