Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча Иорданиянын падышасы Абдулла II ибн аль-Хусейн 25-августта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келди.
Аны Самарканд шаарынын аэропортунан өзбек президенти Шавкат Мирзиёев өзү тосуп алды.
Бул тууралуу өзбек президентинин расмий сайтында маалымдалды.
Самарканд менен таанышуу жана расмий иш-чаралар
Ошол эле күнү Мирзиёев жогорку даражалуу конокту байыркы Самарканд шаарынын архитектуралык эстеликтери менен тааныштырды. Андан соң өлкө башчылары Самарканд эл аралык туристтик борборундагы “Түбөлүк шаар” тарыхый-этнографиялык паркында болушту.
Бүгүн, 26-августта Самарканд шаарында сапардын негизги иш-чаралары Иорданиянын башчысын расмий тосуп алуу аземи менен башталды. Андан соң Абдулла II Шавкат Мирзиёевдин коштоосунда Өзбекстанда өндүрүлгөн экспортко багытталган продукциялардын экспозициясы менен таанышты. Самарканд шаарындагы Конгресс-борбордо эл аралык стандарттарга жооп берген тышкы рынокко жогорку сапаттагы буюмдардын кеңири ассортименти коюлган.
Иорданиянын лидери Өзбекстандын продукциясын жана өнөр жай потенциалын жогору баалады. Мамлекет башчылары алдыңкы ишканалардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн, өз ара тажрыйба алмашуунун жана технологияларды трансферттин маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Лидерлердин сүйлөшүүлөрү
Андан соң Самарканд шаарындагы Конгресс борборунда өлкө лидерлеринин сүйлөшүүлөрү өттү. Сүйлөшүүлөр конструктивдүү, ачык жана ишенимдүү маанайда өттү. Анда саясий диалогду жана маданий-гуманитардык алмашууну мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Дипломатиялык мамилелердин тарыхындагы биринчи жогорку деңгээлдеги сапар эки тараптуу кызматташтыктын жаңы этабын ачып, ар тараптуу өнөктөштүк деңгээлине чыгууга шарт түзөрү баса белгиленди.
Лидерлер натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү канааттануу менен белгилешти жана Бириккен Улуттар Уюмунун, Ислам Кызматташтык Уюмунун жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында демилгелерди өз ара колдоону жигердүү улантуу зарылдыгын баса белгилешти.
Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы конструктивдүү диалогду жана ведомстволор аралык тыгыз байланыштарды улантуу зарылчылыгы баса белгиленди.
Эки тараптуу сооданын көрсөткүчтөрүн жогорулатууга, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана соода келишимдерин практикалык ишке ашырууга даяр экендиктери ырасталды.
Химия жана текстиль өнөр жайы, акылдуу айыл чарбасы, геология, саламаттыкты сактоо жана фармацевтика, туризм жана башка тармактарда кызматташууну арттыруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Өкмөттөр аралык комиссия менен Ишкер кеңешти ишке киргизүү, алардын алгачкы жыйындарын ушул жылдын аягына чейин өткөрүү сунушталды. Ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосунда узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө эки өлкөнүн алдыңкы компанияларынын жана өндүрүшчүлөрүнүн катышуусунда өзбек-иорданиялык бизнес форумун өткөрүү көмөктөшөрү белгиленди.
Маданият, билим берүү жана туристтик алмашууларды, анын ичинде биргелешкен маданият жумалыктарын, концерттерди, экспозицияларды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү аркылуу мындан ары да активдештирүүгө даяр экендиктери айтылды.
Эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда үзгүлтүксүз авиакаттамдардын ишке ашырылышы жана визасыз режимдин киргизилиши ишкердик байланыштардын өсүшүнө жана өз ара туристтик агымдын көбөйүшүнө өбөлгө болору белгиленди.
Ошондой эле глобалдык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Абдулла II Шавкат Мирзиеевди Иорданияга келип кетүүгө чакырды.
Кол коюлган документтер
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Мирзиёев менен Абдулла II өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө боюнча Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты. Сапардын жүрүшүндө жалпысынан 15 эки тараптуу документтерге кол коюлду, анын ичинде:
– экстрадициялоо келишими;
– Инвестицияларды өз ара илгерилетүү жана коргоо жөнүндө макулдашуу;
– Биргелешкен комиссия түзүү жөнүндө макулдашуу;
– Визалык талаптарды алып салуу жөнүндө макулдашуу;
– Жогорку билим берүү жана илимий изилдөөлөр боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
– Туризм тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
– Аба каттамдары боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
– Товарлардын жана транспорт каражаттарынын кыймылы жөнүндө алдын ала маалымат менен онлайн алмашуу протоколу;
– Айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
– Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
– Ветеринария боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
– Стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо боюнча меморандум;
– Дин иштери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө ведомстволор аралык меморандумдар;
– Иорданиянын падышасы Абдулла II ибн аль-Хусейндин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча практикалык чаралардын планы.
Мамлекеттик сапардын алкагында Иорданиянын падышасы Абдулла II өзбек лидери Шавкат Мирзиёевди Иорданиянын эң жогорку сыйлыгы “Ан-Нахда” ордени менен сыйлады.


























