БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Израил бийлигине кайрылып, «E1» долбоорун ишке ашыруудан баш тартууга кезектеги жолу катуу чакырык жасады. Анын айтымында, бул план Иордан дарыясынын Батыш жээгинин түндүгү менен түштүгүн толук ажыратып салат.
Гутерриш өз кайрылуусун АКШнын «Х» социалдык тармагында жарыялады. Бул билдирүү Израил талаштуу пландын акыркы бекитүүсүн бергенден кийин жасалды. Ал долбоор Батыш Иерусалимге караштуу палестин жерлеринде мыйзамсыз конуштарды кеңейтүүнү камтыйт.
«Конуштарды көбөйтүү чечими Батыш жээкти бөлүп салууга багытталган жана ал дароо токтотулушу керек. Ээлеп алынган аймактарда кандай гана курулуш болбосун эл аралык укуктун нормаларына каршы келет», – деп баса белгиледи ал.
Баш катчы эл аралык коомчулук Газадагы адамдардын массалык өлүмүнө жана кыйроолорго кайдыгер боло албай турганын кошумчалады. Ал дагы бир жолу дароо ок атышууну токтотууга чакырып, диалогдун жана эл аралык гуманитардык укукту сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Буга чейин, 15-августта, БУУнун расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Антониу Гутерриш Израилге «E1» долбоорун токтотуу талабын расмий түрдө жолдогонун маалымдаган.
«Биздин позиция өзгөрүүсүз бойдон калууда: Батыш жээктеги, анын ичинде Чыгыш Иерусалимдеги бардык израилдик конуштар эл аралык укукту бузат», – деп айткан Гутерриш.
«E1» долбоору деген эмне?
«E1» долбооруна ылайык, Маале-Адумим конушу менен Чыгыш Иерусалимдин ортосундагы палестиндерден конфискацияланган 1200 гектар аймакта 4 миңден ашык турак үйлөрдү жана мейманканаларды куруу пландалууда.
Долбоордун негизги максаты – тынымсыз еврей конуштарын түзүү. Бул Чыгыш Иерусалимди калган палестин аймактарынан бөлүп салат. Эл аралык адистердин пикиринде, мындай кадам жашоого жөндөмдүү жана аймактык жактан бүтүн палестин мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.


















