Казакстандын Энергетика министрлиги 2026-жылга чейин Россиядан Өзбекстанга Казакстан аркылуу газ жеткирүү 11 миллиард куб метрге чейин көбөйө тургандыгын билдирди.
Бул тууралуу Казакстандын энергетика министрлигинин башчысы Ерлан Аккенженов менен Өзбекстандын республикадагы элчиси Бахтияр Ибрагимовдун Астанадагы жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болгондугун “Sputnik” агенттиги жазды.
“Өзбекстанга россиялык газды жеткирүүдөгү негизги транзиттик өнөктөш катары Казакстандын ролу өзгөчө белгиленди, анын көлөмү 2026-жылга чейин 11 миллиард куб метрге чейин өсүү келечеги менен тынымсыз өсүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, 2025-жылдын жети айында Өзбекстандын аймагы аркылуу казак газынын транзити 921,7 миллион метр кубду түзгөн.
Мындан тышкары, тараптар жыйындын жүрүшүндө электр энергетика тармагындагы аймактык масштабдагы долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан стратегиялык өнөктөш болгон Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушунун жүрүшүн талкуулашты.
Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын октябрь айында Россиянын президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын жана Казакстандын лидерлери Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев россиялык газды Казакстан аркылуу Өзбекстанга жеткирүүнү макулдашкан.



















