Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Украина менен Россиянын ортосундагы жаңжалга байланыштуу акыркы абал, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты.
Бул тууралуу Anadolu агенттиги жазды.
Маалыматта айтылгандай, сүйлөшүү Рюттенин демилгеси менен өткөн.
“Президент Эрдоган Украина менен Россиянын ортосунда биротоло ок атышпоо максаты менен башталган Стамбул сүйлөшүүлөрүндө жылыш болгонун жана бул процесстин гуманитардык тармакта оң өзгөрүүлөргө алып келгенин белгиледи”,- деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле мезгилде Эрдоган Москва менен Киевдин ортосунда туруктуу ок атышпоого жетишүү максатында башталган Стамбул сүйлөшүүлөрүндө жылыш болгонун, бул процесс гуманитардык чөйрөдө оң өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн деген пикирин айтты.
Ал эми НАТОнун баш катчысы Рютте АКШ президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин Аляскадагы саммитинин алдында Украинадагы акыркы абалга баа берди.
Эрдоган Путин менен Трамптын Аляскадагы күтүлүп жаткан жолугушуусуна кылдат байкоо салып жатканын билдирди.














