Бельгиянын тышкы иштер министрлиги Израил өкмөтүнүн Газа тилкесин бүтүндөй көзөмөлгө алуу операциясын баштоо чечимине байланыштуу Израилдин элчисин чакырды.
Бул тууралуу “Известия” басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, Бельгиянын тышкы иштер министри Максим Прево Израилдин Брюсселдеги элчиси Идит Розенцвейг-Абуну чакырып, Тель-Авивдин Газа тилкесиндеги операциясын кеңейтүү пландарына нааразылык билдирди.
“Биз ок атышууну токтотуунун жана эки мамлекеттин тынчтык жана туруктуу чечиминин келечегине биротоло коркунуч келтире турган бул пландардан баш тартууну чечкиндүү түрдө талап кылышыбыз керек”- деген тышкы иштер министри.
Анын айтымында, элчини Бельгия Израилдин чечимин жана анын натыйжасында Палестина аймактарын колонизациялоону айыптап, узак мөөнөттүү оккупациялоосуна таптакыр макул эместигигин билдирүү үчүн чакырган.
“Палестинанын толук талкаланышына алып келе турган бул аракеттердин баары кабыл алынгыс жана эл аралык укукка, Бириккен Улуттар Уюмунун резолюцияларына жана Эл аралык соттун чечимдерине каршы келет”, – деп кошумчалады ал.
Бельгиянын тышкы иштер министри Израилдин ХАМАСты жок кылуу каалоосу мыйзамдуу экенин баса белгилеп, бирок палестиналык жарандардын арасында ансыз да көп курмандыктардын тизмесин дагы көбөйтө турган пропорционалдуу эмес операциялар аркылуу ишке ашыруу мүмкүн эмес экендигине токтолду.
Эске салсак, 8-август күнү Израилдин аскердик-саясий кабинети Газа шаарын көзөмөлгө алуу планын бекиткен. Бул пландар буга чейин Британиянын премьер-министри Кир Стармер тарабынан сынга алынган.
Башка маалымат булактарынын жазганына караганда АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин Газаны толук көзөмөлгө алуу пландарына каршылыгын билдирген эмес.


















