Израилдин аскердик-саясий кабинети премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун Газа шаарын оккупациялоо чечимин жактырганын Axios порталынын журналисти Барак Равид X социалдык тармагында билдирди.
“Израилдин аскердик-саясий кабинети премьер-министр Нетаньяхунун Газа шаарын басып алуу сунушун жактырганын Израилдин расмий өкүлү мага билдирди”, — деп жазган журналист.
Кийинчерээк “Times of Israel” гезити Нетаньяхунун кеңсесинин билдирүүсүнө таянып, бул билдирүүнү тастыктады. Басылманын маалыматына караганда, Израил согуштук аймактардан тышкары жердеги жарандарга гуманитардык жардам көрсөтөт.
Мындан тышкары, жөөт мамлекетинин министрлер кабинети палестиналык ХАМАС кыймылы менен согушту токтотуу үчүн беш талапты алдыга койду:
- Газа секторундагы башкаруучу уюмду куралсыздандыруу;
- барымтадагы бардык 50 адамды кайтарып берүү;
- анклавды демилитаризациялоо;
- Газа тилкесинин коопсуздугуна Израилдин көзөмөлү;
- ХАМАС менен Палестинанын улуттук бийлигинен тышкары үчүнчү альтернативалуу өкмөттүн болушу.
7-августта Нетаньяху коопсуздук периметрин түзүү жана андан соң жарым эксклавды жаңы жарандык өкмөттүн көзөмөлүнө өткөрүп берүү үчүн бүтүндөй Газа тилкесинде көзөмөл орнотуу ниетин билдирген. Премьер-министр Израил Газа тилкесинде көзөмөлдү сактап калууну пландабай турганын, болгону “коопсуздук периметрин” түзүүнү көздөп жатканын тактады.


















