Европа Биримдигинин мурдагы тышкы иштер жетекчиси Жозеп Боррель Евробиримдик Израилге карата илимий программадагы (Horizon Europe) катышуусун гана токтотуу менен чектелбеши керек деп эсептейт.
Бул тууралуу EUobserver порталы кабарлады.
«Эгер Еврокомиссия Израилдин аракеттерине жооп катары ушуну гана кыла алса — бул тамаша. Жаман тамаша. Мүчө мамлекеттер бул чараны да колдоого алалбай жатышат. Бул болуп жаткан окуяларды эске алганда колунан келгендин баарыбы? Бул күлкү келтирет», — деди Боррель.
Анын айтымында, Еврокомиссия Израил менен соода келишимин токтотууну да карашы керек.
«Көптөгөн мүчө мамлекеттер Израилге санкция киргизүүнү каалашпайт. Бул — реалдуулук», — деп кошумчалады ал.


















