Нью-Йорк шаарында бир киши «легионерлер оорусунан» каза болуп, 22 адам бул илдетке кабылганын ABC телеканалы шаардык саламаттык сактоо департаментине шилтеме берип кабарлады.
Бул учурлар 25-июлдан тарта каттала баштаган. Илдеттин очогу Манхэттендин түндүк тарабындагы Гарлем районунда жайгашкан.
«Эгерде сиз 25-июлдан бери жабыркаган аймакта болуп, дене табы көтөрүлсө, жөтөл, дем алуу кыйынчылыгы сыяктуу сасык тумоо белгилери байкалса — дароо дарыгерге кайрылуу керек», — деп эскертти саламаттык сактоо департаменти.
Ошондой эле калтырауу же булчуң оорулары бар адамдарга да медициналык жардам керектиги айтылды.
Өзгөчө кооптуу топко киргендер — 50 жаштан жогорку жарандар, тамеки чеккендер, өнөкөт өпкө оорусу барлар же иммунитети начар адамдар — оорунун белгилери байкалганда мүмкүн болушунча эртерээк медициналык жардам алышы керек.
Легионерлер оорусу деген эмне?
Легионеллёз же «легионерлер оорусу» — Legionella тукумундагы бактериялар чакырган курч жугуштуу оору.
Анын белгилери — дене табы көтөрүлүшү, уулануунун жалпы белгилери, өпкөнүн сезгенип жабыркашы, борбордук нерв системасы жана ашказан-ичеги органдарынын ишинин бузулушу.
Legionella pneumophila бактериясы биринчи жолу 1977-жылы аныкталган. Ал 1976-жылы Филадельфия шаарында Америкалык легиондун жыйынына катышкан адамдар арасында күчөп кеткен оорунун себеби болгон.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматына ылайык, бул бактерия суудан чыккан аэрозолдорду дем алуу аркылуу жугат.
Бактериялар негизинен төмөнкүдөй жерлерде кездешет:
кондиционерлердин муздатуучу системалары;
ысык жана муздак суу түтүктөрү;
нымдаткычтар жана джакузи ванналар.
Нью-Йорктогу абал
Шаар бийлиги өткөн дем алыштан кийин илдет чыккан учурларды иликтей баштаган.
Саламаттык сактоо департаменти Гарлемдеги бардык муздатуучу имараттарды (градирняларды) текшерип, бактерия табылган жерлерге 1 күн ичинде коопсуздук чараларын көрүү боюнча буйрук берген.
Бул Нью-Йоркто биринчи жолу болгон учур эмес — 2015-жылы шаарда 138 киши жугузуп, 16 адам каза болгон.


















