Ош шаарындагы жаңыланган “Жапалак автоунаа базарынан” бир күндө 1 миллион 745 миң сом киреше түштү. Бул тууралуу мэриянын бүгүнкү коллегиялык жыйынында маалымдалды.
Маалыматка айтылгандай, жаңыланган автоунаа базарында төлөмдөр толугу менен онлайн жүргүзүлүп, түшкөн каражат түздөн-түз шаардык бюджетке которулат. Бул система каражат агымын ачык жүргүзүп, коррупциянын алдын алууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Ош шаарынын автоунаа базары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 2025-жылдын июль айында ишке берилген. Жалпы 9 гектар аянтты ээлеген базарга 3900 автоунаа токтотуу үчүн орун түзүлгөн.
Курулуш иштери бүткөрүлүп, асфальтталган токтотмо жайлар, чатырлар, тосмолор, административдик имарат, коомдук дааратканалар жана онлайн төлөм терминалдары курулган.
Мэриянын маалыматына караганда, базардын инфраструктурасы толугу менен заманбап талаптарга жооп берет. Шаар бийлиги мындан ары да базардын ишин санариптештирүү аркылуу кирешени көбөйтүүгө жана тартипти күчөтүүгө ниеттенүүдө.















