22-июль күнү Стамбулда өткөн Эл аралык коргонуу өнөр жай жарманкесинин “IDEF 2025” алкагында Түркия менен Азербайжан аскердик коопсуздук боюнча келишимге кол коюшту.
Бул маалыматты Anadolu агенттиги жазды.
Эки тараптуу келишим Азербайжандын коргоо министри генерал-полковник Закир Гасанов менен Түркиянын улуттук коргоо министри Ясар Гүлер Стамбулда “IDEF 2025” 17-эл аралык коргоо өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагындагы жолугушуусунда ишке ашты.
“Жолугушууда боордош эки өлкөнүн ортосундагы аскердик, аскердик-техникалык жана аскердик-билим берүү тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги талкууланды. Стратегиялык кызматташтыкты бекемдөө көз карашынан алганда IDEF 2025 көргөзмөсү өзгөчө мааниге ээ экени баса белгиленди”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, тараптар аймактык коопсуздук жана өз ара кызыкчылык туудурган бир катар башка маселелер боюнча кеңири пикир алмашышты.
Кошумчалай кетсек, 17-Эл аралык коргоо өнөр жай жарманкесинин “IDEF 2025” алкагында көп сандаган түрк кургактык жана аба унаалары, деңиз платформалары жана түрдүү системаларынын катышуусунда парад аземи өткөрүлгөн.
Бул иш чарага президент Режеп Тайып Эрдоган өзү катышкан.
Көргөзмөгө 33 өлкөдөн делегация башчылары, министрлер, министрлердин 120дан ашык орун басарлары, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын начальниктери жана аскер күчтөрүнүн командирлери катышып, 400дөн ашык эл аралык компаниялар өз продукцияларын көрсөтүштү.



















