Тажикстан менен БАЭ биргелешкен өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууну жана ведомстволор аралык келишимди даярдоону талкуулашты. Эки өлкөнүн министрлеринин жолугушуусу Душанбе шаарында өткөн.
Бул тууралуу Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин билдирүүсүнө таянып, Anadolu агенттиги жазды.
“Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабир Бириккен Араб Эмираттарынын Экономикалык өнүгүү жана туризм министри Абдулла бин Тавк Аль-Марри менен жолугушту. Сүйлөшүүлөр Душанбе шаарында өтүп, өнөр жай, энергетика жана инвестиция тармагында эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегине арналды”,- деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, тараптар тоо-кен жана металлургия тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде стратегиялык маанилүү кендерди кайра иштетүү, ошондой эле алюминий өндүрүшүн модернизациялоо жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн карашты.
Жолугушуу учурунда машина куруу, мунай химиясы, индустриалдык парктарды түзүү жана альтернативдик энергетика тармагында алдыңкы технологияларды жайылтуу боюнча кызматташуунун келечегине көңүл бурулган.
Министрлер 2025-2027-жылдарга тиешелүү ведомстволор ортосунда кызматташуу келишимине кол коюуга кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү каалоолорун ырасташып, өнөр жай жана технология тармагындагы байланыштарды кеңейтүү жаңыланууну тездетүүгө өбөлгө болорун билдиришти.




















