Кечээ, 11-июлда Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидов Ооганстандын Өзбекстандагы элчиси Абдул Гаффар Терави менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өзбекстан Ооганстандын туруктуу өнүгүүсүн колдоону уланта берерин билдирди.
Бул тараптардын экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, байланышты чыңдоо жана динамикалык өнөктөштүктү өнүктүрүүсүнө өбөлгө түзөт.
Маалыматты Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын билдирүүсүнө таянып Ташкенттен Sputnik агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелерин карап, Өзбекстан Ооганстандын туруктуу өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүнү уланта берерин ырасташты.
“Бүгүн Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинде Ооганстандын өлкөдөгү элчиси Абдул Гаффар Терави менен жолугушуу болуп өттү. Биз эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкууладык. Биз Ооганстандын туруктуу өнүгүүсүн колдоого умтулуубузду ырастадык”, – деп айтылат маалыматта.
Тараптар Ооганстанды аймактык жана глобалдык жеткирүү түйүндөрүнө интеграциялоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.
“Экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, байланышты чыңдоо жана динамикалык өнөктөштүктү өнүктүрүү биздин чоң аймактын туруктуу туруктуулугуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө болору талашсыз”, – деп баса белгиледи министр.
Белгилей кетсек, 25-26-июлда Өзбекстанда президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен “Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү” аттуу эл аралык конференциясы өтөт.
Ага Борбордук жана Түштүк Азиянын, Европанын, Американын, Жакынкы Чыгыштын жана Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн 20дан ашуун өлкөсүнөн Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрдү, ондогон эл аралык жана аймактык уюмдардын жетекчилерин жана
адистери катышары күтүлүүдө.
Анын ичинде БУУ, Европа биримдиги, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Экономикалык кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму, Шанхай кызматташтык уюму жана Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн делегациясы да катышат.


















