Кыргызстанга иш сапары менен келген Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Бишкектеги №1 тергөө абагына барышты.
Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.
“Татьяна Москалькованын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында улуттук укук коргоо мекемелеринин жетекчилери, атайын прокурор Эмилбек Уркунбаев жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаевдин коштоосунда тергөө абагынын шарттары жана анда кармалгандардын укуктарынын камсыздалышы менен таанышышты”, – деп айтылат маалыматта.
Алар камераларды кыдырып, камакка алынган 19 адам менен баарлашкан. Ошол эле тапта Кыргызстан жана Россиянын жарандыгы бар беш кишиге юридикалык консультация беришти.
Маалыматка айтылгандай, камакка алынгандардан кармоо шарттарына даттануулар болгон эмес. Бирок айрымдары кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүнө нааразы экендиктерин айтышкан.

Тараптар тергөө абагында кармалгандардан келип түшкөн кайрылуулар боюнча биргелешип иштөө боюнча макулдашты.
Эскерте кетсек, Татьяна Москалькова Бишкекке 9-июлда келген.
Аны менен акыйкатчы Жамиля Жаманбаевадан тышкары, башкы прокурор Максат Асаналиев жана парламенттин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев жолугушууларды өткөрүшкөн.
Анда мигранттардын укуктары жана башка бир катар маселелер менен бирге 2025–2026-жылдарга карата кызматташуулар боюнча сөз болгон.




















