Палестиналык исламчыл кыймыл ХАМАС Израил менен болгон ок атууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында он израилдик туткунду бошотууга макул болгонун жарыялады. Бул тууралуу Al Jazeera басылмасы билдирет.
ХАМАС өз билдирүүсүндө «агрессияны токтотуп, гуманитардык жардамдын кирүүсүн камсыз кылуу жана Газа тилкесиндеги күндөн-күнгө оорлоп бараткан абалды жеңилдетүүгө багытталган ар тараптуу келишимге жетүүгө умтулуп жатабыз»,- деп билдирет.
«Биз зарыл болгон ийкемдүүлүктү көрсөтүп, жасалып жаткан аракеттер ийгиликтүү болушу үчүн он туткунду бошотууга макул болдук», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда, ХАМАСтын билдирүүсүндө, сүйлөшүүлөрдө «негизги маселелер» талкууланууда — бул жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилиши, Израил армиясынын Газа тилкесинен чыгарылышы жана туруктуу ок атууну токтотууга кепилдик берүү.
Сүйлөшүүлөрдө АКШ сунуштаган 60 күндүк убактылуу тынчтык келишими талкууланууда. Ага ылайык, ХАМАС он тирүү израилдик туткунду жана дагы 18 адамдын сөөгүн 1- жана 7-күндөрү кайтарып берет. Мунун ордуна Израил 120дан ашуун палестиналык туткунду бошотот. Мындан тышкары, Израил аскердик операцияларын токтотуп, аскерлерди Газанын түштүк бөлүгүнө жылдырат. Бул 60 күндүк тыныгуу учурунда туруктуу тынчтык жөнүндө дагы келишим түзүлүшү күтүлүүдө.
Июлдун башында АКШ президенти Дональд Трамп Израил бул келишимге макул болгонун билдирген. Бир нече күндөн кийин ХАМАС дагы макул болгонун жарыялаган. Бирок Израил тарап ХАМАС сунуштаган айрым өзгөртүүлөрдү кабыл алууга болбой турганын билдирди. Ошого карабастан, Израил кыйыр сүйлөшүүлөрдү уланта берүүнү чечкен.
Сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы 7-июлда Катарда башталган. Reutersтин маалыматына ылайык, биринчи сессия майнапсыз аяктаган. Times of Israel араб расмий булактарына таянып жазгандай, 8-июлда АКШ Израилге Газанын айрым бөлүктөрүнөн аскерлерин чыгарууга жумшак мамиле кылууга кысым көрсөткөн.
Бирок учурда Вашингтондо жүргөн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул маалыматтарды четке какты. Ал мындай деди: «Президент [АКШ] Дональд Трамп келишим түзүүнү каалайт, бирок баа кандай болбосун эмес. Мен дагы келишимге жетүүнү каалайм, бирок ар кандай шартта эмес. Израилдин коопсуздук жаатындагы жана башка талаптары бар, биз бул боюнча биргелешип иштеп жатабыз».
Нетаньяху ошондой эле Трамп менен алардын жалпы максаты — «ХАМАСтын Газадагы башкаруусуна чекит коюп, бул аймак Израил үчүн мындан ары коркунуч жаратыпай тургандай кылуу» экенин айтты. Ошондой эле ал туткундарды бошотууга жетишүүнү кааларын белгиледи.


















