Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен Бахрейн падышасы Хамад бен Иса Аль Халифа телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө лидерлер Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулап, бул аймакта тынчтык менен туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү зарылдыгын белгилешти.
«Бул жагдайда, быйыл октябрда Москва шаарында өтө турган биринчи Россия-Араб саммитин уюштуруу боюнча Россиянын демилгеси өзгөчө актуалдуу экендиги тастыкталды», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле мамлекет башчылары 18–21-июнь аралыгында өткөн XXVIII Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун жыйынтыктары боюнча пикир алмашышты. Бул иш-чарага Бахрейн конок өлкө макамында катышкан.
«Владимир Путин падышанын гумандуу иштер жана жаштар маселелери боюнча өкүлү, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Насер бен Хамад Аль Халифанын жетекчилиги астындагы бахрейн делегациясынын активдүү жана жемиштүү ишин белгиледи», — деп жазылат Кремлдин билдирүүсүндө.
Бахрейн падышасы Россия тарапка көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар соода-экономикалык, каржы-инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин тастыкташты.
















