Дамасктын чыгышындагы Мар Элиас чиркөөсүндөгү жанкечтинин жардыруусунан кеминде 20 адам каза болуп, 50дөн ашууну жарадар болду. Жардырууну “Ислам мамлекети” тобунун мүчөсү (террордук уюм деп таанылган) жасаган.
Маалыматты Sham TV телеканалы жарыялаганын ТАСС агенттиги жазды.
Чиркөөдөгү жардыруу 22-июнда болгон. Анда 20 киши мерт кетип, дагы 52 киши жараат алган. Кол салуу жашоочулардын басымдуу бөлүгү христиандар болгон Дувейла районунда болгон.
Сириянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жанкечти имаратка кирип ок атып, андан соң жардыргыч менен өзүн жардырып жиберген.
Укук коргоо органдары кол салган адамды “Ислам мамлекети” (ИМ, Орусияда террорист деп таанылган жана тыюу салынган) террордук уюму менен байланышы бар деп эсептейт.
Мар Элиас Константинополдун Экуменикалык Патриархатынын Грек Православие чиркөөсүнө кирет.
















