17-июнда президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитине катышуу үчүн Казакстандын борбору Астана шаарына барды. Кыргызстандын мамлекет башчысын аба майдандан Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.
Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен да жолугушуу өткөрөт.
Казак маалымат агенттиктери билдиргендей, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кечээ, 16-июнда Астанага расмий сапар менен келген.
Бул саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары, тагыраагы Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары жана Си Цзиньпиндин катышуусу күтүлүүдө.
Бул саммит кезектеги жыйын эмес, Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын дагы бир көрүнүшү деп эсептешет эксперттер.
Биринчи Борбор Азия-Кытай саммити 2023-жылдын 18-19-майында Кытайдын түндүк-батышындагы Шэньси провинциясынын Сиань шаарында өткөн.
Буга чейин Кытай Эл Республикасынын Соода министрлигине караштуу Эл аралык соода-экономикалык кызматташтык академиясынын Евразия институтунун профессору Лю Хуакин белгилегендей, биринчи Борбордук Азия-Кытай саммитинен бери Кытай менен Борбордук Азиянын ортосундагы экономикалык жана соода кызматташтыгы оң натыйжаларга жетишкен.



















