2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандоо турунун акыркы тайпалык этабында Иран менен Өзбекстандын футбол боюнча курама командалары Дүйнө чемпионатына түз жолдомо алышты.
Беттештердин жыйынтыгында Иран 23 упай, ал эми Өзбекстан 21 упай алды.
10-июнда жыйынтыкталган 3-айлампадагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнгөн. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт.
3-айлампада Иран, Катар, БАЭ, Кыргызстан, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары “А” тайпасында орун алган.
Иран курама командасынын ийгилиги
Ирандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун акыркы оюнунда Түндүк Кореянын командасын жеңип алды.
10-июнда Тегерандагы “Азади” стадионунда өткөн беттеш 3:0 эсебинде Ирандын пайдасына аяктады.
Иран курама командасынын голдорун 74-мүнөттө Мохаммад Мехди Мохеби, 77-мүнөттө Мехди Тареми жана 90+3-мүнөттө Амирхоссейн Хосейнзаде киргизди.
Ошентип Иран курамасы 23 упай топтоп, тайпалык баскычты 21 упай менен аяктаган Өзбекстанды биринчи саптан сүрүп чыгарып, “А” тайпасында кайрадан лидерликке ээ болду.
Өзбекстандын тарыхый жетишкендиги
Өзбекстандын улуттук курама командасы Катарды утуп алды. 10-июнда Ташкенттеги “Бунёдкор” стадионунда өткөн беттеш 3:0 эсебинде аяктады.
Голдорду Азиз Тургунбоев, Эльдор Шомуродов жана Игорь Сергеев киргизди. Беттешке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Словакиянын премьер-министри Роберт Фико жана Болгариянын президенти Румен Радев да катышты.
Өзбекстан курама командасы 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын сегизинчи катышуучусу болду. Бул улуттук кураманын 1991-жылы эгемендик алгандан берки дүйнө чемпионатына биринчи жолу чыгуусу.
Кыргызстан курмасынын жыйынтыгы
Кыргызстан курама командасы 10-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Бириккен Араб Эмираттарынын футбол боюнча улуттук курама командасы менен беттешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Голду Кыргызстандан Кай Мерк киргизди.
Муну менен Кыргызстандын курама командасы футбол боюнча 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандоо оюндарын жыйынтыктады.
Он турдун жыйынтыгы боюнча “А” тайпасындагы акыркы абал төмөнкүчө: Иран – 23 упай, Өзбекстан – 21 упай, БАЭ – 15 упай, Катар – 13 упай, Кыргызстан – 8 упай, Түндүк Корея – 3 упай.
Муну менен БАЭ менен Катар Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандоо оюндарынын 4-айлампасына чыгышты. Кыргызстан менен Түндүк Корея 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынан четтеди.
2026-жылы 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Мексика жана Канаданын аймагында өтө турган дүйнө биринчилигине 48 команда катышат. Азиядан сегиз команда барат.





















