Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мурат Нуртлеунун Иранга расмий сапары — эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлге чыкканынын белгиси. Сапар алкагында президенттик деңгээлдеги жолугушуулардан тартып, экономикалык долбоорлорго чейинки маанилүү маселелер талкууланды.
Иран президенти менен жолугушуу
Казакстан ТИМинин маалымат кызматы билдиргендей, Мурат Нуртлеу Иран тарабынын чакыруусу менен Иран Ислам Республикасына расмий сапар менен 7-июнда барды. Сапар Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын кабыл алуу менен башталып, тараптар казак-иран кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу бекемдөөгө басым жасашарын ырасташты. Мурат Нуртлеу Иран президентине Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Курман айт майрамына карата куттуктоолорун жана саламын жеткирди.
Соода жана логистика: өнөктөштүктү тереңдетүү
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар 2024-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн 50% өсүшүн белгилеп, бул көрсөткүчтү мындан ары да жогорулатуу ниетин айтышты. Транспорт-логистика тармагында биргелешкен иштердин келечеги, анын ичинде Каспий деңизинин транзиттик потенциалын пайдалануу жана “Түндүк-Түштүк” эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүү каралды.
Тараптар регионалдык жана эл аралык күн тартибинин маселелерин талкуулап, көп тараптуу структуралардын алкагында кызматташтыкты улантууну макулдашышты.
Иран президенти Масуд Пезешкиан казак-иран мамилелеринин деңгээлин жогору баалап, аны мындан ары да маңыздуу өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаевге жакшы каалоо-тилектерин жолдоду.
Соода жүгүртүүнү 3 миллиард долларга жеткирүү ниети
Мурат Нуртлеунун Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчи менен болгон сүйлөшүүлөрүндө эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. Өзгөчө көңүл соода-экономикалык өнөктөштүктү сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга бурулду.
Нуртлеу белгилегендей, 2024-жылы товар жүгүртүү 12,3% өсүп, 340 миллион долларга жетсе, 2025-жылдын биринчи кварталында бул көрсөткүч 82% өсүп, 129 миллион долларды түздү. Максат — бул көрсөткүчтү 3 миллиард долларга жеткирүү.
Транспорттук-логистикалык багыттагы кызматташтык
Казакстан менен Ирандын тышкы иштер министрликтеринин башчылары сүйлөшүү учурунда Каспий деңизинин аймагын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштерди координациялоо зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары, Казакстандын чек ара аймактары менен Ирандын провинцияларынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди чыңдоонун, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын транспорттук-логистикалык багытынын компоненттеринин бири катары Каспий портторунун потенциалын пайдалануунун маанилүүлүгү белгиленди.
Тараптар эл аралык форматтагы өнөктөштүктү оң баалап, аталган багыттар боюнча ишти улантууну макулдашышты.
Кызматташуу документерине кол коюлду
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда Дипломатиялык архив тармагында кызматташуу боюнча Меморандум жана кызматташуу Программасына кол коюлду.
Аймактагы туруктуулук жана инвестициялык долбоорлор
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы ошондой эле Иран Ислам Республикасынын Жогорку лидеринин эл аралык иштер боюнча кеңешчиси Али Акбар Велаяти менен жолугушуу өткөрдү.
Анда эки тараптуу, анын ичинде саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө кызматташууну чыңдоо маселелери талкууланды. Аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, Казакстандын тышкы иштер министри ирандык “Кавех” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Мохаммад Садех Кавех менен жолукту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги, анын ичинде өнөр жай жана логистика тармагында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.
Казакстан менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатуу, ошондой эле эл аралык транспорт коридорлорунун алкагында эки өлкөнүн транзиттик потенциалын пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.





















