2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин Газа секторунда жүргүзүп жаткан аскердик операцияларынан улам 866 израиль аскери каза болду, жаракат алгандардын саны 5937ге жетти.
Бул тууралуу Израиль армиясынын расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат. Анда 7-октябрдан бери башталган Газага каршы чабуулдар учурунда канча аскер каза болуп, жаракат алганы тууралуу маалыматтар берилген.
2023-жылдын 27-октябрынан тарта кургактыктагы операция башталгандан бери Газада каза болгон израиль аскерлеринин саны 424кө жеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, 6-июнда Газада болгон кагылышууларда 4 израиль аскери өлтүрүлүп, 5и жаракат алган.
Израиль тынчтыкты бузуп, Газада туруктуу оккупацияга өттү
Израиль армиясы 2024-жылдын 19-январында жарыяланган ок атышпоону бузуп, 2024-жылдын 18-мартында эртең менен Газага кандуу чабуулдарын кайра баштаган.
Бул чабуулдардын натыйжасында 4603 палестиналык (негизинен аялдар, балдар жана карылар) каза болуп, 14186 адам жаракат алган.
Жалпысынан алганда, 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израиль армиясынын Газадагы кол салууларынан 54 880 палестиналык курман болуп, 126 227 киши жаракат алды.
Газаны толук оккупациялоо планы
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газанын толугу менен оккупацияланышы тууралуу билдирүү жасады. Бул пландын негизинде:
-
Израиль армиясы Газаны толук жана туруктуу басып алууга өтөт.
-
Палестиналыктар Газанын түштүгүндөгү «концентрациялык лагерлерге» мажбурлап көчүрүлөт.
-
Израиль аларга бир гана жашап кетүүгө жетиштүү гуманитардык жардам берүүнү пландаштырууда.
-
Израиль министри Газада бузулбай калган нерселерди да жок кылып, палестиналыктарды биринчи түштүккө, андан кийин башка мамлекеттерге сүрүп чыгуу ниетин билдиришти.
Бул маалыматтарга караганда, Израилдин Газада жүргүзүп жаткан операциялары адам укуктарына каршы массалык мыйзам бузууларды камтып жатат.


















