Бүгүн, 5-июнда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны Душанбе шаарында өтөт.
Бул маалыматты Sputnik агенттиги жазды.
Иш чарага Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башкалар катышат.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин уставына ылайык, өкмөт башчылар кеңеши мүчө-мамлекеттердин аткаруу бийлигинин ортосундагы экономикалык, социалдык жана жалпы кызыкчылык туудурган башка чөйрөлөрдө кызматташууну координациялайт.
Жыйындын күн тартибинин долбоорунда жалпы 18 маселе бар.
Салт боюнча тар чөйрөдө кеңештин мүчөлөрү шериктештиктеги экономикалык кызматташтыктын актуалдуу темалары боюнча пикир алмашат.
Анын ичинде оор машина куруу тармактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорлорун, жеңил өнөр жай тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын, КМШга мүчө мамлекеттердин аба кыймылын башкаруунун улуттук системаларын шайкеш келтирүү концепциясын кеңири форматта талкуулоо сунушталды.
Мындан тышкары, жыйында КМШ волонтерлор форумун түзүү жана өткөрүү, “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде туризмди өнүктүрүү үчүн” төш белгисин белгилөө, саламаттыкты сактоо, аймактар аралык жана чек ара кызматташтык, коргонуу жана коопсуздук чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу, кадрдык маселелерди кароо боюнча бир катар документтерди кабыл алуу пландаштырылууда.
Эске салсак, Тажикстан быйыл Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине төрагалык кылууда.
Өкмөт башчылар кеңеши жылына төрт жолу чогулат. Кеңештин кезексиз жыйналыштары мүчө мамлекеттердин биринин өкмөтүнүн демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн.
Душанбедеги кезектеги жыйынга катышуу үчүн барган Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кабыл алганын РИА Новости билдирди.
Мишустин Тажикстандын төрагалыгы астында өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында орус делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн тажик лидерине ыраазычылык билдирди.
Жолугушуу учурунда Орусиянын премьер-министри 2025-жылдын январь-апрель айларында Орусия менен Тажикстандын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 7%га өсүп, 44 миллиард рублдан ашканын билдирди.



















